Суук тийүү

Суук тийүү — организмдин же анын бөлүктөрүнүн муздап калышынан кээ бир оорунун пайда болушу. Микроб жана алардын ролу ачылганга чейин кээ бир оорулар (сасык тумоо, өпкөнүн сезгениши, дем алуу жолдорунун оорулары, үч ача, чычаң жана башкалар нервдердин невралгиясы жана башкалар) «суук тийгенден» болгон оорулар деп аталган. Кийин бул ооруларга С. т. түрткү берүүчү фактор гана экендиги далилденди. Бирок бир катар ооруда (мисалы, үч ача жана чычаң нервинин сезгениши) С. т. ткандарга тескери таасир тийгизип, аларды бузат. Мындан сырткары сууктун таасири организмдин тканын бузуп, аллергиялык ооруну (Шилтеме: Аллергия) пайда кылат. Ар бир кишинин С. т-нү сезгичтиги ар түрдүү болуп, ал абанын температурасы жана нымдуулугунун өзгөрүшүнө организмдин чыдамдуулугуна жараша болот. Кээ бир оору жалпы организм үшүгөндө эмес, дененин айрым бөлүгүнө (мисалы, бутка) суук өткөндө кармап калышы мүмкүн.

С. т-нү алдын алууда (бала кезден) организмди чыңдоонун мааниси чоң.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)