Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сууда сүзүү

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Сууда сүзүү

Ар бир адам сууда сүзүүнү билүүгө тийиш. Адам улам жашы өткөн сайын суудан коркуу сезими жеңип, өзүн сууда кармап турууга үйрөнүүсү кыйындай берет. Ал эми мектеп окуучусу буга өз алдынча эле үйрөнүп алышы мүмкүн. Ал үчүн атайын адабияттарды окуу керек, андай китептер бардык китепканаларда болот. Бирок сууда сүзүүнүн спорттук ыкмаларын үйрөнүү үчүн сөзсүз инструктордун жетекчилиги керек. Сууда эң тез сүзүү ыкмасы - кроль (кулач таштап сүзүү): сүзүүчү колдору менен алмак-салмак чабак уруп, буттары менен тынымсыз өйдө-төмөн кыймылдатуу аркылуу алга жылат.

Бутунун кетмени түз созулуңку абалда болот (бирок булчуңга күч келбейт), колдун ар бир шилтеми сайын буту менен эки-үч жолу өйдө-төмөн чабак урат. Сүзүүчү колдун шилтеминин карама-каршысына башын оңго же солго буруп, бир колун шилтегенде дем алат да, бетин кайрадан сууга чумутат. Экинчи колун шилтегенде дем чыгарат. Кроль ыкмасы менен көмкөрөсүнөн гана эмес, чалкасынан жатып алып да сүзсө болот. Мында буттун кыймылы мурдагыдай эле болот, ал эми колду алмак-салмак өйдө көтөрүп, баштан ашыра сууга түшүрүлөт да, сууну шилеп чабак урулат. Биринчи кол менен шилегенде дем-алып, экинчисин шилегенде дем чыгарылат. Брасс - сууда жай сүзүү ыкмасы, бирок мында күч көп жумшалбайт, сүзгүч көп чарчабайт. Эгерде сууда кийимчен сүзүүгө туура келип калса, ушул ыкма оңтойлуу.

Брасс ыкмасы менен сүзгөн учурда буттун кыймылы сүзүп бараткан баканын бутуна окшойт. Ошондон улам бул ыкма а-ля брасс (француз тилинен которгондо - бакадай сүзүү) деп аталат. Бул ыкманын негизинде сууда ылдам сүзүүнүн башка эки ыкмасы пайда болгон. Адегенде баттерфляй (англис тилинен которгондо көпөлөк дегенди түшүндүрөт) пайда болду. Мында бут брасс ыкмасындагыдай кыймылдатылат, бирок суу шиленген соң суудан чыгарылып андан ары сүзүү үчүн бирдей алга ташталат. Кийин сууда андан да тез сүзүүнүн дельфин деген ыкмасы келип чыкты.

Бирок бул ыкма мурдагыларга караганда татаалыраак. Кол баттерфляй ыкмасындагыдай кыймылдатылат, бирок буттун кыймылы башкача: эки бут бирдей бүгүлүп, толкун сымал өйдө-ылдый кыймылдатылат. Буттун иштеши тулку бойдун толкун сымал кыймылына шайкеш келүүсү зарыл. Кроль (эркин стиль деп да аталат) ыкмасы менен сууда сүзүү боюнча мелдештер 100, 200, 400, 800 жана 1500 метр аралыкта өткөрүлөт. Башка ыкмалар менен сууда сүзүү боюнча мелдештер 100 жана 200 метр аралыкка гана өткөрүлөт. Сууда сузуунун негизги ыкмалары: 1.Кроль (кулач таштап сузуу), 2.Кроль (чалкасынан сузуу), 3.Брасс, 4.Баттерфлей.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3100, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу