Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу ташкыны

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Суу ташкыны

Миссури дарыясынын өрөөнүнө бир нече күн бою нөшөрлөгөн жамгыр жаады. Көптөгөн майда суулар дарыяга куюп, анын деңгээли улам көтөрүлө берди. Аңгыча толуп ташыган каардуу Миссури эски тосмону бузуп, кыштакты каптап кирди. Ээ-жаа бербей долуланган сел жолундагы үй, бак, темир жолду кыйратып, жарым миллиондон ашуун адам үй-жайсыз калышат. Бул окуя 1951-жылы Америка Кошмо Штаттарында болгон эле. Мындан да чоң суу ташкындары тропик өлкөлөрүндө болот. Бизге, жердин мелүүн алкагында жашагандарга, чака менен куйгандай нөшөрлөп жааган тропик жаандарын элестетүү да кыйын, мындай жамгырдын бир эле жолу жаашы бизде бир нече жыл бою жааган жамгырга тете! Индиянын түндүк-чыгышындагы Черрапунжи кыштагы жер шарындагы эң жаанчыл жерлердин бири болуп эсептелет.

Эгерде бул жерге бир жылда жааган жаан суулары жерге сиңбесе, төрт кабаттуу үйдүн бийик-тигиндей деңгээлдеги суу жер бетин каптап калар эле. Жазында суу кирген мезгилде дарыялар артын көздөй аккан учурлар да кездешет. Мисалы, Сухона дарыясында, Днепрдин оң куймасы - Припять дарыясында жана Москва дарыясынын оң куймасы - Пахра дарыясында ушундай болот. Мындай болуунун себеби куймаларынын биринин музу экинчисине караганда мурдараак эрийт. Андагы эриген суу дарыяга батпай музу эрип бүтө элек негизги салаасына куйган жеринен артын көздөй ага баштайт. Түздүктөгү дарыяларда суу ташкыны адатта жазында болот. Ал эми суусу бийик тоолордон баштап куралган дарыяларда суу ташкыны көбүнчө жай айларында болот. Себеби тоо башындагы кар жайкы аптапта ургаал эрийт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1325, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу