Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу пери жылдызы

Баш барак | Гороскоп | Суу пери жылдызы

Суу перилер - уруш-талашсыз жана боорукер белги. Тынчтыкты жакшы көргөн, гумандуу Суу перилер эч качан уруш-талаштын жана түшүнбөстүктүн булагы болбойт. Бул туруктуу зодиак белгиси, эрктүү жана чечкиндүү болуп, кээде кежир жана эксцентрикалуу болот.



Бул зодиак белгиси абдан боорукер болот. Ал өзүнүн болгон толук турпаты менен сүйүүгө жөндөмдүү болуп, ар мүнөт сайын жашоо жыргалына батууга даяр, жана кандай гана болбосун, мындай кубанычтарды башкаларга да тартуулай алат.



Суу перилер - бул бир кебетедеги периште жана шайтан. Буларда түбөлүк карама-каршылыктар өкүм сүрөт. Башкача айтканда, булардын эс-акылы, туюуусуна, сезүүсүнө жана сезимталдуулугуна карама-каршылыктарды жаратат, же тескерисинче Суу перилерди сезимдер женип жана башкарат. Мындай учурда ал өзүн жоготуп, өз ойлорунда адашып, өзүлөрү менен эмне болуп жатканын ажырата албай калат. Суу перилерге жардам берүүгө аракет кылып жатса да, аны эч ким түшүнбөй жана эч качан түшүнбөсүнө ишенип турат. Жана көп учурда алар өзүлөрүнө өзү чоочун болушат, анткени өз сезимдерине ээ боло албай, өз жан-дүйнөсүнүн сырын чече албайт.



Бирок Суу перилер зээриктирме адамдардан эмес. Булар дайыма калп жагалданууну жана окшош болууну чын же жалган экенин айырмалай билишет.



Башкалар менен баарлашып, Суу перилер чечкиндүүлүктү өзүлөрүнөн табышат. Жан-дүйнөсүндө кээде жалгыз болгону менен, тиричиликте дайыма тегерегинде адамдар көп болот. Булардын кызыгуулары жана каалоолору башкаларга салыштырмалуу мүдөөлүк жакка карайт. Ошондуктан булар жөн эле сүйлөшүүнүн ордуна, мүдөөлүк баарлашууну каалайт.



Суу перилер комфортту жана материалдык жыргалдыкты жактырат, бирок, булар арам же саран адамдардан эмес. Булар бийликке, коомдогу татыктуу деңгээлге жана өзгөчө престижге умтулат.



Суу перилер жетишээрлик кулак түргүч. Буларды жанылардын баары кызыктырып, качан ал "жаңы нерседен" тажамайынча, андайлар менен жүз пайызга алектене берет. Бирок, Суу перилер буга баш-оту менен кирбейт, анткени булар иш-аракеттин ордуна байкоочунун ролунда болууга көнгөн. Булар, ичкенден көрө, сууну куйганды жакшы көрөт.



Суу перилер чебер жана назик, жан-дүйнөсү менен берешен жана жүрөгү менен боорукер болот. Булар, көрө албастык дегенди билишпейт. Жетишээрлик сылык жана ишенчээк болуп, кээде бул сезимдери аша чабат. Эгер, Суу перилерге кимдир бирөөлөр кантип иш жасоону сөөмөйү менен көрсөтүп, же андан да жаманы, буйрук берип, булардын үстүнөн бийлик кылууга аракеттенсе, Суу перилер мындай адамдарга каршы болуп, боорукерлик жана байкоочулук сапаттарын жоготот.



Суу перилер боорукер жана жумшак белги. Булар, жардамга муктаж болуп турган адамдарга эч качан көңүл коштук кылбайт. Ошондой эле Суу перилер жакшы кенешчи. Достукта лидерликке чыгуу үчүн булар жоош болушуп, андайды каалабайт, анкени, булар достукту абдан баалашат. Суу перилер достук үйүнүн башкаруучулары, а бул, булардын достукка жана сүйүүгө болгон берилген мамилесин тастыктап турат.



Суу перилердин алсыз жагы - бул алардын коомдогу көрүнүктүү орунга ээ болуу умтулуусу, жана булардын тегерегиндеги адамдардан өзүнө карата кандайдыр бир өзгөчө жакшылыкты талап кылуусу. Суу перилерге алдыга кадам шилтеп, жакшы келечекке умтулуу үчүн ушундай адаттардан арылуу зарыл.



Ал эми сезимталдуулук жагына кайрылсак, бул жаатта Суу перилер өзгөчө кооптонуу менен ачылат. Суу перилер жетишээрлик сезимтал. Кыялданганды жакшы көрүп, өз ойлору менен ойногонду жакшы көрөт. Дал ошондуктан Суу перилер өз сүйүүсүн түстүү түстөргө боёоого ийимдүү, башкача айтканда көп учурда идеалдаштыра берет, а бул өз убагында сүйүүгө эмес, чоң көңүл калууга алып келет. Суу перилер шыктуу жана ышкыбоз боло алат, бирок бул сезимдер эч качан Суу перилердин үстүнөн бийлик кылбай, алардын жүрөгүн жеңе албайт. Буларды сүйүү кишендерине салбаганга аракет кылуу зарыл, анткени, өзүн "капастагы чымчыктай" сезип, биринчи ирет, жаркын сүйүү жөнүндө ойлобой, жаркын эркиндик жөнүндө ойлоно баштайт.



Суу перилердин негизги принциптери:



1.Бирөөлөргө окшош болуу кандай зээриктирме.



2.Эгер мен сени ойлоп тапсам, мен ойлогондой бол.



3.Ырым-жырымдар - келесоолорго.



4.Келечек жаркын болууга тийиш.



5.Периште болуу оор, бирок зарыл.



6.Боорукерлик - боорукер иштен да маанилүү.



7.Новатор болуу үчүн, биринчиден салттарды унутуу зарыл.



8.Секс? Жашоодо андан маанилүү да иштер бар.



9.Биринчиден теңтуштар, андан кийин үй-бүлөө, албетте, убакыт калса.



10.Менден боорукер, менден сергек адам жок.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 8965, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо