Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу пери жана жаачы

Баш барак | Гороскоп | Суу пери жана жаачы

Чындыгында эң жакшы биримдик. Мүдөөлүк жактан бири-бирине жакын, физикалык жактан бири-бирине кызыгууну жараткан адамдар. Жаачынын ачыктыгы жана достугу Суу перилерди кызыктырат. Суу перилер болсо өзүлөрүнүн алангазарлык идеялары, курч акыл-эси жана өзгөчөлүгү менен Жаачыларды кызыктырып турат. Суу перилердин күтүүсүз мүнөзү мамилелердин башталышында эле өз кучагына алат. Бирок, Суу перилердин бул мүнөзү Жаачыларга көптөгөн түйшүктөрдү алып келген учурлар болуп, кээде алардын кыжырларын келтирет.



Жакшы идеяга ээ болуу менен, Жаачылар менен Суу перилер дүйнөнү багынтышы мүмкүн. Суу перинин мүнөзү көп учурда айланасындагыларга түшүнүксүз, алардын генийлиги көп учурда алангазардык менен бир чектеш болот. Суу перилерге маанайынын бат өзгөрмөлүшү мүнөздүү, жана булардын оптимизимине карабастан, меланхолияга кириши мүмкүн. Ошондой эле булар өз сезимдерин ачык көрсөтпөгөнгө ийимдүү. Бирок Суу перилердин ойлоп табуучулук жана достук сапаттары аларды каалаган башталыштарда жакшы шериктештерге айлантат. Булар маектешуучуну суктандырып жана алаксыта алат. Тагдырга тике караганды жактырат. Жакын мамилелерде кандайдыр бир көз карандысыздыкка умтулат, жана муну Жаачылар түшүнүп, булардын эркиндигине умтулуусун чектебеш керек. Суу перилер чыгармачылык потенциалга бай келип, Жаачылар аны наркы менен баалайт. Суу перилер интеллектуалдык темаларга арналган узак убакытка созулган дискуссияларды алып бара алат.



Ошондой эле алар ишенимдүү келип, карама-каршы жыныстагыларга күтүлбөгөн байланыштарга жол бербейт. Булардын өнөктөшү, алар үчүн - жападан-жалгыз жана кайталангыз болуп, ал аны баалашы керек. Суу перилерге интимдик мамилелер аздык кылат, анткени, булар үчүн өнөктөшүнүн интеллеги - эң башкы баалуулук.



Суу перилерди өзгөртүүгө аракет жасабагыла, аларды жөн эле түшүнүү зарыл. Суу перилерди пунктуалдуу адам деп айтууга болбойт, бирок бул жаза эмес да. Жаачылар Суу перилердин боорукердик сезимин чакырууга аракет кылбаш керек, анткени мындай сезим аларга көп таандык эмес, жана келечекке пландарды куруунун да кереги жок, анткени, Суу перилер бүгүнкү күн менен жашап, эртенки күн аларга тумандуулук.



Жаачылар үчүн бул биримдик - жаңы жана күтүлбөстүктөрдүн биримдиги. Булар биргелешип көптөгөн бийиктиктерди багынтат, жана чеги жок бактылуу болушат. Жаачыларга өзүнүн дилгерленүүсүн кармап, Суу перинин мүдөөлүк абалына көнүлүн буруу зарыл, ошондо ыраазычылык өзүн күттүрбөйт.



Үй-бүлөөлүк мамилелер бул эки белгинин ортосунда, көп учурда тупикке келет, анткени, үй-бүлөөлүк мамилелер булардын эркиндигин чектейт, ал эми эркиндик экөөнө тең абдан маанилүү, жана андан тышкары булар өзгөрүүлөр менен жашашат. Бул томсорткон туруктуулук эки жактын тең жаңы окуяларга каалоолорду жаратышы мүмкүн, жана бул учурда Жаачы лидер болуп, өнөктөшү кемсинип калышы мүмкүн. Ал эми үй оокаттарын булар бирге жасай алышат, бирок Жаачылар тарабынан жемелөөдөн арылуу үчүн, Суу перилерге акы-төлөмү чоң болгон өзүнө жумуш табуусу зарыл. Гармониянын толук болушу үчүн өнөктөшүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана умтулууларын айкалыштыруу гана калат, жана ушундай учурда гана алар бир болуп, алардын жашоосу бири-бирисиз маанисиз болуп калат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1314, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу