Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу пери жана текечер

Баш барак | Гороскоп | Суу пери жана текечер

Мындай нике биримдигинде көп убакта ар кыл жааттагы түйшүктөр пайда болуп, көп учурда Текечердин чымдамдуулугунан көз каранды жана Суу перилер жаданганча созулат.



Текечерлер, шартка ылайык, олуттуу жана тынч, жагымдуу мыскыл сезими жана уялчаак жылмаюуусу бар, эптүү жана үнөмдүү адамдар. Суу перилер алардын чечкиндүүлүгү жана максаттуулугу менен окшош, бирок олуттуулугу боюнча Текечерлерге жетпейт. Типтүү Суу перилер адам тынчын бузуп, таң калтырат, жана мунун баарын адам күтпөй турганда жасайт. Мындай Суу перилердин сюрприздеринен Текечерлердин чачтары тик турат. Текечерлер үчүн айланасындагылардын ою маанилүү, жана бул такталган иерархикалык тизмеде болушу керек - үй-бүлөө, кошуналар, коллегалар, достор жана тааныштар. Суу перилер болсо жашоо шарттарын өзү уюштурат - этикет, этика, мораль, кийинүү стили жана башкалар. А бул болсо Текечердин жинине тийбей койбойт. Буларга логикасы жок, эби жок жана текшерилбеген нерселерге ишенүү абдан оор, Суу пери болсо ар кандай ойлордон эркин болуп, акыл-эси менен жаны жана изилденбегендерге ачык жана даяр болот.



Суу перилер өз табиятынан Текечерлерге карганда ийкемдүү келип, ошондой эле күтүүсүздөн өзүнүн эч нерсе менен теңелгис кежирлигин көрсөтүп, толук бойдон өзгөрүп кетүүсү мүмкүн. Текечер болсо өз жашоосуна жаңы адамдарды киргизгенди жаман көрүп, ар кандай өзгөрүүлөрдү жактырбайт, бирок, эгер туура эмес кылган болсо, аны мойнуна алышы мүмкүн.



Суу перилерге башкысы - өзүнүн алдында ак ниет болуу, Текечерлер болсо жалпы кабылданган мыйзамдар менен жашап, өзүнүн ак ниеттүүлүк, ишенимдүүлүк жана ачыктык призмасы аркылуу кабыл алат. Текечерлер сүйүшөт, ал эми Суу перилер андай сезимдерди өтө баалабайт.



Түшүнбөстүктөр бир гана жаатта болбойт, бул - карьера мамилесинде, мүдөөлүк өнүгүүдө жана профессионалдык ийгиликте. Текечердин мүдөөлүк изденүүсүнө Суу перилер салкын мүнөздө болуп, жөн кабыл алат. Бул биримдиктин ички маселелери Текечер аркылуу чечилип, тышкы маселелерге Суу пери аркылуу чечилет.



Эң башкысы, Текечер менен болгон нике бекем болуу үчүн, Суу перилерге анын үй-бүлөөсүн өзүнүкүндөй же андан да көбүрөөк сүйгөндү жана сыйлаганды үйрөнүүсү зарыл. Анткени, Текечерлер өз туугандарынын кемчиликтерин актоого ийимдүү болуп, манжаларынын арасы аркылуу карайт. Мындай мамилелерде Суу пери акырындык менен тең салмактуу болуп, тынчтанат, Текечер болсо, мүнөзү жумшак болуп, ачык жана ак ниет болот.



Булардын экөө тең өз сезимдери жөнүндө унчукпаганга аракет кылат. Суу пери сезимдер менен жашабайт, Текечер болсо өз сезимдерин катуу кармайт. Ошондуктан Суу перилер өз өнөктөшүн жетишээрлик чебер жана романтикалуу деп эсептебейт, Текечер болсо, анын ою боюнча, сексуалдык жаатагы ашыкча фантазиялардан кыжырланат.



Көп учурда бул түгөйлөр биргелешкен бизнес курууга аракет кылышат, эгер бул пландары ишке ашпай калса, булар үй-бүлөө жана балдар менен иш кылат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 915, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу