Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу пери жана суу пери

Баш барак | Гороскоп | Суу пери жана суу пери

Бардык Суу перилер үчүн бир кызыктайлар - кадимкидей сезиплип, кадимки нерселер - бир кызыктай болот, анткени алар жашоо агымында жашап, аны менен бирге өзгөрөт. Булар күтүлбөгөн окуялардын жана сезимдердин, ошондой эле иш-аракеттин адамдары.



Бул биримдиктин башкалардан айырмасы, Суу перилердин алдыга карай ойлобостугу. Эки Суу перинин үй-бүлөөсү эч качан жөнөкөй болбой жана жалпы кабылданган рамканын ичине кирбейт. Бул экөө эч качан зерикпейт, анткени, булардын жашоосу күтүүсүз окуяларга толтура. Эгер эки Суу пери белгисиндеги жаркын жана эркин сүйүүнүн фанаттары - никелешсе (а бул өз ара укмуштай), анда, булардын никеси чынында эле асманда кыйылган.



Бул учурда эки жар тең, бири-бирине толук бойдон берилгендигине макул болуп, көптөгөн теңтуштарысыз жүрө алат. Мамилелерде романтика өкүм сүрүп, бирок мында сезимталдуулук менен байланышы аз болуп, интеллектуалдык иш-аракеттер жана кыймылдар менен байланышта болот. Ошону менен бирге Суу перилер бири-бирине эң жакшы жөлөк болуп, бири-биринин жардамына ишене алат.



Типтүү Суу перилер достукка ишенип, ал эми сүйүү жана сүйүп калуу буларга кызыктай бир акыл-эстин карангылашы болуп сезилет. Анткени, булардын ою боюнча, кызыгуу сүйүүнү жаратып, сүйүү физикалык жакындыкты жаратат. Дүйнөнүн мындай так сүрөтүнө ээ болуу менен, бир нерсеге токтолуунун эмне кереги бар?



Суу пери-мырза өзү тандаган аялынан жөн эле жар, кожойке, эне болуудан да башка нерселерди күтөт - ошондуктан Суу пери менен никелешкенде аялынын жоопкерчиликтери жакшы дос, катчы, мүдөөкер, жана башка жааттаргы өнөктөш болуп кеңейет. Ошондой эле алардын көптөгөн досторунун, аялына жакпастыгын билгизбөө зарыл. Суу пери-айымдары деле так ушундай. Булар бири-бирин ушунча суктандырып, бир нече убакыттан кийин алардын достору жалпы болуп калат. Бир жагынан, достордун көптүгүнөн, кээде үйдө отурганга жер калбай калат. Ушуга карабастан, бул экөө бактылуу болуп, үйдө көп турушпайт, анткени, буларда башка пландар абдан көп.



Эгер түгөйлөр бири-биринин интеллектуалдык жана мүдөөлүк сферасындагы оор экзамендеринен ийгиликтүү өтүшсө, буларга дене гармониясына жетүү оорчулукту туудурбайт. Сүйүүнүн физикалык жагы, булардын ортосунда чанда болот, бирок, күтүлбөгөн жана капыстан болуп, эки жактын эскертүүсү жок эле, бир заматтык керектөөлөр, заматтагы кумарланууну алып келет.



Булардын жашоосунда эң бактылуу мүнөттөр, белектердин жана сюрприздердин мүнөттөрү. Ал белектердин берүүсү жана, даярдоосу. Булардын ар бири сыр сактаганды жакшы билишет, ошондуктан сюрприздер жана белектер дайыма күтпөгөн жерден болот. Суу перилерге мындан артык не керек?



Статистикалык маалыматтарга кайрылсак, булардын мамилесинде оорчулуктар төртүнчү, жетинчи же он биринчи жылдары болот.



Эки Суу пери тез эле бири-бирин түшүнөт, бирок бул экөөнүн ортосундагы каалаган мамилелердин жыйынтыгы, мамиле узактыгына карабай - таптакыр айтып бергиз ар түрдүү жана күтүлгүс болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1101, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу