Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу пери мырзалар

Баш барак | Гороскоп | Суу пери мырзалар

Суу пери-мырзалар жашоодо баарынан да - кызыгууну жана бул кызыгууну алып келүүчүлөрдү баалайт. Ошого себептүү буларды көптөгөн адамдар курчап турат. Булар адамдарга ушунча толук берилип, кээде өзүнүн түйшүктөрүн айланасындагылары үчүн унутуп калат.



Суу пери-мырзалары көп учурда өзүнүн сезимдерин башкалардан катып жүрөт, бирок, бүрөөлөрдүн жан дүйнөсүнө кирип кетүүгө чебер болушат. Өзүлөрү болсо, ал сезимдерин сырдуу же түшүнүксүз болуу үчүн катпай, алагды кылып жана баш айландырыш үчүн сырдуу болушат. Адамдарга өзгөчө жана жетиштүү уникалдуу көз карашка ээ болуп, Суу пери-мырзалар адамдардын өз ара мамилелери менен эксперимент жүргүзгөндү жакшы көрүшөт. Көп учурда булардын эксперименттери достукка жана сүйүүгө тиет, ошондуктан, Суу перилерге бул мамилелерде өзгөчө келишимдүүлүк керек болот. Булардын башкалар менен ойноочу - өзүлөрүнүн шарты бар. Суу пери-мырзалар ар бир адамдан инсанды көрүп, ар бири алар үчүн өз ара кызыктар жана уникалдуу.



Эгер булардын жинине бирөөлөр тийип же байкабай жаман сөз айтып алса, булар - өзүлөрүнүн сырткы тынчтыгына жана назик болуу мүмкүндүгүнө карабай, бир заматта өзгөрүлүп, тең салмактуулугун жоготуп, өзүнүн эгоисттиги жана майдачылдыгы менен айланасындагыларды таң калтырат. Ошондой эле булар - бирөөлөр тарабынан эсплуатациялаганга жана кемсинткенге жол бербейт.



Суу пери-мырзалар өз жашоо шарттары менен жана моралдык негиздери менен жашап, бул шарттар көп учурда коом оюнун башкаруусунан чыгат, бирок, бул анын идеалдарына таасирин тийгизбейт. Булардын жашоосу ар кандай өзгөрүүлөргө жана күтүлбөгөн окуяларга толуп турат. Ошондой эле Суу пери өзү да карама-каршылыктарга жана ички конфликттерге бай.



Өз сүйүүсүн издөөсүн карасак, булар өзгөчө бир сүйүүнү издеп, кыялданып, жомоктогудай мамилелерге умтулат. Эгер баары тескерисинче болуп, кыялдары каалагандай орундалбаса, анда алар кургак мүнөздүү, кереметке ишенбеген циник болуп калат. Бирок, ойлогон ойлор жана кыялдар ишке ашып, жашоосуна энсеген жомогу келсе, Суу перилер өз сүйүүсү менен биригип, ажырагыз бир түгөй болот. Баары жакшы, бирок Суу перилер көп учурда достук менен сүйүүнү ажырата билбей, бул эки абалдын такталган чектерин таба албайт.



Эгер Суу перилер аялдын сүйүп калуусуна жол берсе, анда булар ыкыластуу сүйүүчү, жана чебер "аял жандуу киши" болот. Бирок булар, сүйгөн айымдарын шуба же брилианттар менен, бутунан башына чейин кымбат баалуу белектер менен кам көрүүчү мырзалардын тибине кирбейт. Башкача айтканда, миллион роза гүлүн тартуулоонун ордуна, үйүнүн жанынан үзүп алган ромашка гүлүн тартуулашы мүмкүн, же кымбат баалуу ресторанга чакыруунун ордуна, кечки романтикалык пикникке чакыруусу мүмкүн. Бирок мунун баары Суу перилер менен болгон жашоону кандайдыр бир кемчиликтүү кылбайт, тескерисинче, булар жаркын жана күтүлгүс, укмуштар өлкөсүндөгүдөй жашоо тартуулашат.



Суу перилер - өз позициясында бекем турган жана өзүнүн көз карандысыз ою бар аялдар менен суктанат. Буларга кичине сырдуулугу бар жана кулак түргүч сезимин жаңырта алуучу айым керек. Ал мындай сырдуулуктун сырын ачып, ребусту чечмейинче, ойлонуп жана анализдеп, суроолоруна жооп тапмайынча токтобойт.



Суу перилердин никелешүүгө терс көз карашта болуп, андан канчалык алыс качууга аракет кылса да, бул туруксуз мырза үчүн аял - чыныгы үй-бүлөөлүк коломтонун символу болот. Дайыма изденүүдө жана кыялданууда болуп, буларга жайлык жана жагымдуу үй атмосферасы зарыл болот.



Эгер Суу пери-мырза сүйсө, анда ал сүйгөнүнө ишенич жаратат жана кызганбаганга аракет кылат. Эгер сүйгөнү ишенимдүүлүк жаратса, анда Суу пери-мырзалары өзүлөрү да жүз пайызга ишенимдүү болот. Булар кызганчаак эмес, бирок ошого карабастан өзүмчүлдүк сезимдерине ээ болушу мүмкүн. Сүйүү маселесинде булар абдан кежир болушу мүмкүн, жана начар абалда болуп, өз ойлорунда чөгүп, жалгыздыкка бекинип алышы мүмкүн. Мындай учурда, анын сүйгөнүнө чыдамдуулук дегенди унутпай, реалдуулукка кайра кайтып келүүсүн жөн эле күтүү керек.



Суу пери-мырзалары престижге умтулуп, көп учурда ага жетет. Көпчүлүк Суу перилер өзүлөрү умтулган бийиктиктерге жетишет. Бирок, бул мырзаларга байлык чанда гана - жетүүчү максат болот. Бирок бул Суу перилердин акчага болгон билимсиздигин айтпайт, тескерисинче, Суу перилер финансы жаатында акылдуулук менен мамиле жасап, акчаны эсептеп, аны үнөмдөгөндү билет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 2974, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу