Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сумолок

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Сумолок

"Сумолок" - ыйык тамак. Кайнап жаткан казан түбүнө тартып кетпеси үчүн 42 таш салынган. Ал - Манас атанын чоролорунун касиеттүү сүмөлөгү. Б. а. согушкан чоролордун арбагына арналган. 61 же 63 чакмак таш салынган. Ал Муканбет пайгамбардын жашы үчүн арналган.

Мында балдарыбыз пайгамбар жашына чыксын - деген ырымы жатат. Сүмөлөккө мал мууздалбайт. Башка тамактар жайнайт.

"Сумолок" (өсмөлөк) кайнай баштагандан тартып, "Сумолок" ыры ырдалат. Улуу майрамда элдик таң-тамашалардын бардык түрлөрү көрсөтүлгөн. Баба дыйкандын урматына, жаздын зыйнатына жасалган бул эзелки тамак азыр да айрым аймакта бар. Ал өндүрүлгөн буудайдан жасалат. Дандуу жакшы (өзгөчө кайракы) буудайдан чактап алып, тазалап, жууп, 1-2 күн жылуу сууга чылап коёт. Буудай жибигенде суусун сарыктырып төгүп, күндүн нуру тийбегендей далдаа, жылуу жерге дагы 3-4 күн койсо, буудай өнүп, угут болуп, тытышып калат.

Ошондо сокуга жанчып (же эт тарткыч машинадан өткөрүп) алып үстүнө азыраак суу куюп, аябай аралаштырып, касага сүзүп алат. Калганын сокуга салып, дагы жанчып (же эт тарткычтан дагы өткөрүп), үстүнө жылуу суу куюп, суусун дагы сүзүп өзүнчө коёт. Калганын дагы бир жолу кайталайт. Бирок үчөөнүн суусун үч башка коет.

Чоң казанды какшытып, пахта майын чүчүтүп, ага буудай ун салып, бир-эки аралашкан соң сүмөлөктүн биринчи сүзүндүсүн куюп, кайнап чыккандан тартып аралаштырат. Казандагы коюлуп келгенде экинчи сүзүндүнү, анан үчүнчүсүн куюп, кепке кайнатат. Түбүнө тартып, күйүп кеткенден сак болуш керек. Тынбай аралаштырып турган оң. Күйүп кетпес үчүн 20-30 даана жаңгакты бүтүн салып койсо да болот. "Сумолок" бышканда коймолжун тартып, илээшип калат. Аны 3-4 саат муздатып, анан ичишет.



Нооруз көжөгө берген бата
Бакыттуу баш берсин,
Узун өмүр жаш берсин.
Улустун улуу күнүндө,
Уулуң консун уяга,
Кызың консун кыяга,
Дөөлөтүңдү ашырсын,
Душманың сынып басынсын,
Жөөлөгөн бели басылсын.
Менин берген бул батам,
Улуу күнгө сактап жүргөн сүр батам. Оомийин!

Келди Нооруз
Болду Аалам аласал.
Күндүн нуру төгүлүп,
Кылды жерди гүлдүү шаң,
Өлбөгөн кулга болду жаз.
Мына майдан
Жаркыраган жашыл жаз.
Келди Нооруз,
Жер жашарды карасаң.
Доола байдан
Толуп жатат аласаң.
Бербесе бай,
Бар го Кудай
Алып берет сыйынсаң.
Келди Нооруз,
Биздер күткөн мурунтан.
Жер энебиз нан берет,
Жан алыңча урунсаң.
Тилек кылгын,
Шилеп бергин,
Мээр төгөт сыйынсаң. Оомийин!

Улустун улуу батасы
Улусуң оң болсун,
Ак мол болсун,
Кайда барсаң жол болсун.
Улус күн, бакты апкелсин,
Төрт түлүк акты апкелсин.
Улус күн, береке берсин,
Балээ-жалаа жерге кирсин. Оомийин!
Көлүгүң миништүү болсун,
Көңүлүң улустуу болсун.
Өмүрүң ырыстуу болсун,
Пейилиң жугуштуу болсун.
Кудай жолу кабыл болсун,
Ар бир нерсең азир болсун.
Кеткениңди келтирсин,
Кемтигиңди толтурсун.
Бак-дөөлөттү Кудайым
Насип этип болтурсун. Оомийин!


Кудай жалгасын,
Бак карысын,
Кыдыр даарысын.
Айдан аман,
Жылдан эсен кылсын.
Үйдөгү, тыштагы
Мал, башты өсөөр кылсын.
Көңүлүң тынсын,
Көлдөрдөй тунсун.
Оомийин!
Жайгаштыруу: 2017-08-16, Көрүүлөр: 10553, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо