Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Сулуу

Сулуу (Avena L.) – дандуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу. С-нун 70тей түрү бар. Бир жана көп жылдык болуп бөлүнөт. Тарам тамырлуу, кыпча жалбырактуу, шыпыргы гүлдүү. Даны кылкандуу. Анын эгилме, византия, бүртүктүү же кылкандуу түрү Евразияда , Австралияда кездешет. Эгилме С. – жаздык же күздүк өсүмдүк. Тамыры жерге 120 смге кирет. Машагында 1-3, кээ бир түрүндө 2-7 гүлү бар. Вегетация мезгили 80-110 күн. Жылуулукту көп керектебей нымдуу жерде жакшы өсөт. С. – негизги тоют өсүмдүгү. Данында 9-19,5% белок, 21-55% крахмал, 7-24% клетчатка, 2,9–5,7% күл, 2-11% май жана витаминдер бар. Андан акшак, ун жана башка жасалат, саманы, чөбү жана - силосу малга берилет. Мыкты сорттору: Львов 1026, Орёл, Надежный жана башка Негизги зыянкечтери – кыл курттар, швед чымыны, илдеттери – дат, кара көсөө.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)