Сулайманов Турсунаалы

Сулайманов, Турсунаалы (1897, азыркы Кара-Суу району, Нариман кыштагында төрөлгөн.-1971, ошол эле жерде) колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1957). 1938-жылдан КПСС мүчөсү. 1930-ж. мүчө болуп өтүп, 1932-ж. Н. Нариманов атындагы колхоздун председатели болуп шайланган. Көп тармактуу чарбаны башкарып, алдыңкы чарбалардын катарына кошкон. 1956-ж. 810 га пахта аянтынын ар гектарынан 32 цден тушум жыйнап алган. 1958-62-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1951-54 жана 1955-56-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, 3 Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)