Субанбеков Жүрсүн

Субанбеков Жүрсүн (1930 – Аксуу районуда төрөлгөн, 1974 – Бишкек) – Көрүнүктүү фольклорист жана адабиятчы.

1952-ж. КМУнун филология факультетин бүтүрүп, филология илимдеринин кандидаты, 1974-ж. филология илимдеринин доктору деген наамга ээ болгон. Субанбеков 1955-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин ири фольклорист катары КМУнун кыргыз филология факультетинде эмгектенген.

Алгачкы эмгеги "Колхоздук тема кыргыз совет адабиятында", мында негизинен кыргыз акын-жазуучу, драматургдарынын 1945–56-ж. аралыгындагы колхоз темасында жазылган ырлары, пьеса, прозалык чыгармалары талдоого алынган. Субанбеков 1964-ж. "К. Жантөшев" деген адабий очеркин жазат. Очеркте К. Жантөшевдин чакан аңгеме, очерк, повесттери, бир катар драмалары, жалпы эле чыгармачылыгында өнөрканасы (К. Жантөшевдин чыгармалары боюнча сын-пикирлер менен эсептешип, полемикага чыгып) туурасында кеңири сөз болуп, "Курманбек" драмасы, айрыкча "Каныбек" романы ийне-жибине чейин жиктелип, жетишкен ийгиликтери, кетирген мүчүлүштүк-төрү менен бирге абдан калыс, ары билгичтик менен мыкты талданган. Эмгекти окуганда К. Жантөшевдин канчалык деңгээлдеги таланттуу жазуучу, чебер драматург экендиги белгилүү болот. Бул адабий очерк Субанбеков билимдүү, калыс адабиятчы катары таанытуу менен бирге бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготкон жок. Субанбековдун кийинки эмгеги "Кыргыз адабиятындагы атеизм" (1965).

Субанбеков кыргыз фольклористикасында да орду чоң. Буга "Кыргыз элинин баатырдык кенже эпосу" (1963). Китеп чоң-чоң үч бөлүктөн туруп, 1-главада "Эр Төштүк" эпосунун варианттары, алардын айырмачылыктары жана сюжеттик биримдиги кыргыз элиндеги үлгүлөрүнөн тышкары Түштүк Сибирде, казактарда кездешкен, варианттары менен салыштырыла каралат. Эпостун идеясы жана образдар системасы, ошондой эле көркөмдүк өзгөчөлүктөрү ил. теориялык негизде жетик иликтенип, "Эр Төш-түктүн" онго жакын вариантынын ичинен (алардын баатырдык эпос формасына өсүп жеткен төрт варианты кыргыз элинде, калган жомок түрүндөгү варианттары тектеш элдерде) системалуу толук варианты. С. Каралаевдики экендиги далилденген. С. мындан кийинки бараандуу эмгеги "Кыргыз элинин баатырдык эпостору" (1970). Мында кыргыздын "Кожожаш", "Эр Төштүк", "Жаныш, Байыш", "Курманбек", "Эр Табылды", "Жаңыл Мырза", "Эр Солтоной" сыяктуу эпикалык чыгармаларынын варианттары, алардагы баатырдык салт, тематика, мотивдердин берилиши, башка элдердин (айрыкча түрк тилдүү) эпостору менен болгон окшоштук, өзгөчөлүктөрү, жалпы эле алака-катышы ил. теориялык аспекте кең-кесири каралат. Ошондой эле манасчылар менен кенже эпосту айтуучулардын жалпылык, өзгөчөлүк, артыкчылыктары теориялык жактан жетик, аргументтүү, ары калыс мыкты иликтенген. Бул эмгектер сөзсүз кыргыз фольклористикасын эпос таануу жаатындагы жогорку деңгээлдеги көзгө көрүнүктүү иликтөөлөрдүн катарына кирет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)