Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Стоматолог жана стоматология

Стоматолог — жаак беттин, тиш, ооз көңдөйүнүн ооруларын жана жабыркоолорун диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу боюнча атайын даярдыктан өткөн адис-врач. Стоматология — медицинанын ооз көңдөйүндөгү органдардын жана жаакбет ооруларынын пайда болуу себебин, клиникалык белгисин жана аларды дарылоо, алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу тармагы. С. терапиялык, хирургиялык жана ортопедиялык (жасалма тиш салуу) болуп бөлүнөт. С. мындан башка ооз көңдөйүнүн былжыр челинин (Шилтеме: Стоматит), жаакбеттин сезгенүү процесстерин, тиш ооруларын (Шилтеме: Тиштин чириши, Пародонтоз, Периодонтит, Пулъпит), жаак, тиш, тил, эрин травмаларын, шилекей бездеринин ооруларын дарылайт жана изилдейт. Ортопедиялык С. тиш жана жаактын жабыркоолорун, кемтигин оңдоочу жасалма тиш жана жаак салуу методдорун иштеп чыгат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)