Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Стол тенниси

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Стол тенниси

Тик бурчтуу столдун эки жагында бири көк, экинчиси кызыл көйнөк кийген спортчу ойноп жатат. Биринчиси ракета менен кичинекей пластмасса топту атаандашына тордун үстүнөн ашыра чаап оюнду баштады. Кызыл көйнөкчөн оюнчу чабуулду кайтарып, кайра катуу чаап жиберет: топ тордон өтүп, көк көйнөкчөн тарапка тордун түбүнө түшөт да эки жолу секирип кетет. Кызыл көйнөкчөн бир упай утуп алды! Атаандаштардын кимиси биринчи болуп 21 упай топтосо, ал партияны женген болуп эсептелип, үч партиянын экөөсүн уткан жалпы жеңишке ээ болот. Оюндун эрежеси өтө жөнөкөй: топ столго тийип бир жолу секиргенден кийин, атаандашы жакка тордон ашыра кайта чабуу керек. Топту атаандашы кайтара албай же жаңылып калсын үчүн ар бир оюнчу аны катуу же алдап чабууга аракеттенет.

Туура эмес кайтара чабылган топ сөзсүз торго тиет же столдун четинен ашып түшөт. Стол тенниси бир-бир кишиден (так оюн) же эки-экиден (жуп оюн) ойнолот. Жуп оюнда шериктер топту атаандашы жакка кезектешип кыйгач чабышат. Кыйгач чабылган топ сөзсүз столдун белгиленген бөлүгүнө түшүү керек. Стол жапжашыл (көпкөк же кара) сыр менен боёлуп, ортосуна эни 15 см болгон тор туурасынан тартылат.

Ракетка фанерадан жасалып, бетине резина чапталат. Столдо ойнолуучу теннис бардык континенттерде ойнолуп, европалык жана дүйнөлүк биринчилик үчүн мелдештер өткөрүлөт. Мында 7-8 жаштан ойноп, 9 жаштан мелдештерге катышууга болот. Теннистин бул түрү балдардын көңүл буруусун өстүрүп, аларды көз менен туура болжолдоого, шамдагайлыкка үйрөтөт, кошумча стол тенниси бул - кыймыл аракет, ал эми кыймыл аракетте болгон адамдын денеси чың болот эмеспи.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3804, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу