Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Стиль деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Стиль деген эмне

"Стиль деген эмне" - Стило - деген байыркы замандагы гректердин кандайдыр бир нерсенин устуно жазганга, тартканга ынгайлашкан жана учтукуй келген таякчаны билишчу экен. Ар бир мындай жазуучу аспаптын өз ынгайы, өз жазылышы болгон. Кийинчирээк стиль дегенг - сөз кээ бир тамгаларга ынгайлашып, сөзгө отуп, бара-бара жазуунун-тартуунун манызы, ыкмасы болуп калган.

Учурда, бул - сүрөтчү, жазуучу, уста, артист, эмгекчинин бири-биринен бөлүп турган белгиси, өзгөчө мүнөзү, сапаты жумуш ыкмаларынын кошундусу болуп калды десек ашык болбос. Анын өзү көп убакыттар арасында негизделип келаткан тарыхтын чубалган узун процесси десек туура боолот. Искусство жана адабиятта роман стили, готика, кайра жаралуу, барокко, рококко, классицизм деген стилдер өткөн - бул сөздөрдү энциклопедиядан деле окуп жүрөбүз.

Кошумча айта кетчү нерсе кийим стили дагы, айтылган искусство стили менен шайкеш келген. Бугунку кундогу стилдер - жаштык, өсүрүмдүк, иш, эс алууга тийиштуу: ишмер аял стилдлери, спорт стили, элегантты стилдери, классика-консервативдик болуп бөлүнөт, классика-консервативдик стилди - англиялык стиль деп да айтышат.

Англия аялдары эркектер менен тендештикте болгон күрөшүндө, толук тендештикти албаса дагы, кийимдин кайсы бир түрлөрүн кийип журууго укук алышкан. Мисалы чыптама, пиджак, галстук, эркек көйнөк, андан кийинирээк шым дагы. Булардын өзөктүү өзгөчөлүгү- өтө тыкандыгы, толук бүткөн так формалары менен сызыктары, кызыл-тазылы жок бир калыптагы түсү (көбүнчө ак менен кара пайдаланылат) бөлүктөрүнүн анча көп эместиги болуп эсептелинет.

"Эркекче сызык" аталып, жумуштуулукту, официалдуулукту баса айгинелеген бул фасон - ишмер аял стили болуп калган.

Ал эми авангарддуулук стили анын толук карама каршысы, ал жүрөктүүлүк менен тандалган абдан кескин боёктору, формалары, күтүүсүз табылгалары менен айырмаланат - бул жаштардын өз алдынчалыкка, жаңыга умтулуусунун белгиси.

"Стиль деген эмне" - жеке адам өзүнүн каалоосу, адаттары, иши, турпатына туура келген жеке стилин, ыынгайлуу түстү, гүлдү тандап алат эсмеспи.

Адам өз стилин кантип тандап алат?
Кээ бирөө өзүнүн жарашып турган жактарын жактырбайт да (узун бойлуулук, кең жамбаш, узун моюн, кызгылтым чач, ж. б. у. с.), мүчөсүнүн өзүнө жарашпай турган жагына мактаныч кылат. Ошондуктан, биринчи кезекте ар адам өзүнө жарашыктуу ошондой эле жарашыксыз жактарын издеп-талдап, аны эске алуу аркылуу жарашыктуу жагын оркундотуп, жарашыксыз жагын жашыргандай кылып стиль тандаганга аракет кылуу керек.

Достоевский өзүнүн бир каарманы тууралуу: "эгер ал өтө жаңы мээлей кийип албаган болсо, үстүндөгү кийимин өтө жарашыктуу деп эсептейт элем» деген экен.

Демек стиль кала берет, мода болсо өзгөрөт. Бүгүнкү мода - бүгүнкүнүн гана образы болот. Андан тышкары мода жалгыз кийим эле эмес, мода бул - аялды айланасындагы толгон токой буюмдардын жарашыктуу ирети, колорити, аларга - колго кармап журуучу баштык, баш кийим, бут кийим, парфюм, колдонгон косметика, кур, шарф, шакек, сөйкө, саат, шурулар ж. б. Буга мисал, баарын толук камтыган Франциядан жарым кылым мурда чыккан шанель стили. Ошондой эле, күнү бүгүнкудөй таасирин жоготпой, өзүндө гана эмес дүйнө модасында кызыгууну арттырган англиялык художник Барбара Хуланикинин дүкөнүндө жогорудагылардан тышкары, дүкөнчүнүн сырткы түрү, кийиниши, кыймылы, адамга мамиле жасай билиши, боёнгону дүкөнгө жарыктын туура берилишине чейин абдан көңүл бурулат.

Бир юморист "татаалдаштыруу мүмкүн болуп турганда, жөнөкөйдүн кереги не" дептир, ушул тамаша, стилге ылайык айтылгандай сезилип кетет, себеби стиль - белгилердин, байланыштардын, элементтердин, координациялардын өтө татаал системасы, ал жалпы идеяга - сулуулукка баш ийет. Ошон үчүн стиль - өткөндүкү, азыркыныкы жана келечектики.

"Стиль деген эмне" экенин кичине болсо дагы, негизгилерин айтып берүүгө аракет кылдык, пикирлер болсо тартынбай жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2018-01-17, Көрүүлөр: 20212, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-01-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо