Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

СССРдин кулашы жана себептери

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | СССРдин кулашы жана себептери

1991-жылдын аягында Советтер Союзунун экономикасында (эл чарбасында), социалдык маданиятында, коомдук жана саясый жаатында болгон системалык дезинтеграция процесттери СССРдин кулашына алып келген. 1991-жылдын 25-декабрында СССРдин президенти М. С. Горбачев СССРдин президенттик ишин принципиалдык акыл эси аркылуу, токтотуу жөнүндө жарыялаган. Ошол эле жылдын 26-декабрында СССРдин жогорку кеңеши СССРдин кулашы жөнүндө декларация кабыл алган. СССРдин кулашы СССРдин курамына кирген 15 республиканын көз карандысыздыгына шарт түзүп, алардын көз каранды эмес мамлекет катары жаралуусуна алып келген. Анын ичинде Кыргыз Республикасы да болгон. СССРдин кулашынын себептери Азыркы учурда тарыхчылар арасында СССРдин кулашынын себеби жөнүндөгү бир бүтүмгө келген жана ошондой эле аны сактап калуу жөнүндөгү бүтүн бир тыянак жок. Мүмкүн боло турган себептердин ичинде төмөнкүлөрдү айтышат: - Батыш өлкөлөрүнүн анын ичинде АКШ баш болуп жана анын агенттеринин таасиринин бүлдүрүү иш-аракеттеринин аркасында, а бул тымызын согуштун түзүүчү бөлүгү. - Союз башкармалыгынын компетентүү эмес иштери, союз республика лидерлеринин борбордук башкаруучулардан эгоисттик арылуу каалоосу жана горбачевдук демократиялык реформаларды мамлекетти жана коом түпкүрүн оңкоруу. - Чечимдердин кабыл алуусунун моноцентризми (Союздук борбор Москва шаарында гана болгон), а бул эффективдүүлүктү азайтууга, ар кандай чечим кабыл алууда убакыттын текке кетүүсүнө жана регионалдык бийликтин кыжырлануусуна алып келген. - Кээ бир авторлордун ою боюнча центробеждик улуттук тенденциялар болгон, бул ар бир көп улуттуу өлкөдө жана улут арасындагы карама-каршылык, ар башка улуттун өзүнчө жана өзүнүн маданиятын жана экономикасын өнүктүрүү каалоосу. - Экстенсивдик экономиканын диспропорциясы (СССРдин бүткүл жашоо мезгилине мүнөздүү болгон), анын аркасында коомдук жана күнүмдүк колдонуучу товарлардын жетишсиздиги, бардык иштеп чыгуу өнөр жайларындагы техникалык артта калуунун өсүшү (мындайды экстенсивдик экономика шартында компенсациялоо көп чыгымдалуучу мобилизациялык ыкмалар менен гана мүмкүн болгон, мындай иш-чаралар 'Ускорение' атту жалпы аталышта 1987-жылы кабыл алынган, бирок аны ишке ашыруу үчүн экономикалык мүмкүндүк жок болгон).

- Стагнацияга андан соң экономиканын урашына алып келген советтик системаны реформациялоонун ийгиликсиз аракеттери, а бул саясый системанын урашына алып келген. - Экономикалык системага болгон ишеничтин кризиси: 1960-1970-жылдары пландык экономикадан качып кутулгус дефицит менен күрөшүүнүн башкы ыкмасы колдонуучу материалдын массалыктуулукка, жөнөкөйлүккө жана арзандыкка коюлган. Көптөгөн мекемелер үч сменада иштеп, сапаты орто материалдардан продукцияларды чыгарган. Сапаттык эмес сандык план мекеменин эффективдүүлүгүнүн баалоонун жападан жалгыз ыкмасы болуп, сапатка болгон көзөмөл минимум болгон. Мындай иш-аракеттин жыйынтыгы СССРдеги чыгарылуучу коомдук колдонуучу товарлардын сапатынын төмөндөшүнө алып келген. Товарлардын сапатына болгон ишеним кризиси жалпы экономикалык системага болгон ишеним кризисине айлана баштаган. - Америка башкармалыгынын нефтьге болгон дүйнөлүк баасын төмөндөтүү инициациясы СССРдин экономикасынын шалдырашына алып келүүсү. - Азык-түлүк продукцияларынын (өзгөчө туруп калуу эпохасында жана Перестройкада), ошондой эле биринчи керектелүүчү товарлардын жана узакка колдонуучу товарлардын (муздаткыч, сыналгы, даарат кагаз ж. б.) мезгилдүү үзгүлтүккө учурашы, тыюуу салуулар жана чектөөлөр (бакча айматарынын өлчөмүнө чектөө ж. б.), батыш өлкөлөрүнүн жашоо деңгээлинен дайым артта калуулары жана аларды кубалап жетүүгө болгон ийгиликсиз иш-аракеттери элдин кыжырын келтирип, ал маанайдын дайым өсүшү. - Афган согушу, тымызын согуш, соцлагерь өлкөлөрүнө түгөнбөгөн финансылык жардамдар, АӨКсинин (Аскер Өнөр жайынын Комплекси) экономиканын башка жааттарына чыгымдуу өнүгүүсү бюджетти чоң зыянга алып келген.

- Катарлаш техногендик катастрофалар (авиакатастрофалар, чернобыль окуясы, 'Адмирал Нахимовдун' кыйроосу, газ жарылуулары ж. б.) жана алар жөнүндөгү маалыматты сыр сактоо. РСФСР мамлекеттик суверенитет декларациясы 1990-жылдын 12-июнунда элдик депутаттар съездинде кабыл алынып, республикалык мыйзамдардын союз мыйзамдарынан приоритеттуулугу айтылып, бирок ошону менен бирге Россиянын Советтик Союздун курамында калуу каалоосу тастыкталган. 1991-жылдын жай мезгилинде биринчи жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгында РСФСРдин президенти Борис Николаевич Ельцин шайланып, Москванын жана Ленинградтын мэрлери демократиялык кыймылдын өкүлдөрү - Г. Х. Попов жана А. А. Собчак шайланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 9634, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу