Спилберг Стивен

Белгиленген тизме бирдиги Санакталган тизме бирдиги Стивен Спилберг 18-декабрьда 1947-жылы Цинциннати ( АКШ-нын, Огайо штатында) Арнольд Спилбегр инженер-электронщиктин жана пианистка Леинин үй бүлөөсүндө төрөлгөн. Ал бала чагын өзгөчө Энн, Нэнси жана Сью деген кенже карындаштары менен өткөзгөн.

Спилбергтердин үй бүлөөсу Феникс( Аризона штатына) көчүп келгенде, Стивен мектепке кирди. Стивен классында жалгыз еврей болгондуктан, ал өтө кымсынган жана тартынчак балага айланды. Ал 12 чыкканда атасы ага 8мм камера белек берген, ал өтө көп пайдалынуучу белек болду, ошол убакыттан бери ал кинорежиссер болгонду кыялданат.

1960-жылда он үч жашардуу режиссер "Побег в некуда" деген киносун жаштар конкурсунда чыгарып, өзүнүн биринчи белегине ээ болгон. Плёнка сатып алуу үчүн, шыбыкчы болуп иштөөгө мажбур болгон. Мектепте мыкты окуучу болбосо деле, Калифорниядагы телевидение факультетинде окуган. Стивен Спилбергтин 1964-жылы биринчи кинолук чыгармасы "Свет пламени" эки жарым сааты түзүп,16мм пленкага тартылган. Кинодогу рольду өзүнүн үй бүлөөсу аткарган. Бул фильм Спилбергке 100$ пайда алып келди.

Кыскаметраждуу Спилбергтин "Эмблин"атту сүрөтү Universal компанианын көңүлүн буруп, С. Спилбергке Юниверсал тарабынан жети жылдык контракт сунушталган. Ушинтип башталган жаңы режиссер, окууну улантпай, карьерасын өнүктүрүүнү ойлоду. Биринчи анын жумушу телевизиондук сериалдардан башталган, 1971-жылы "Дуэль" деп аталган чоң эмес фильм катастрофа жөнундө тартылган. Бул фильм, Стивенге чоң ийгилик жана пайда алып келди. Жакын арада " Юниверсалдын" продюссердик жумушун аяктаган соң, режиссерго толукметраждуу, өзүнүн сценарийсине карап, фильм тартаканы сунушталган, ал фильмде Голди Хоун (голивудтук актер) баш рольду аткарган.

Фильмдин сценарийси "Шугарлендский экспресс" Канн фестивалында премия менен сыйланган, тартылган фильминен соң Спилбергтин өзүн, танылуу режиссер Франсуа Трюффого окшоштурушкан. Кийинки фильм Стивен Спилбергти дүйнө жүзүнө белгилүү кылды. "Челюсти", 260 миллион топтогон фильм, тарыхтагы эң чоң блокбастерге айланды. Дээрлик Стивендин бардык фильмдери жылдын окуясына айланып бараткан, ""Инопланетянин", трилогия Индиана Джонс жөнүндө (жана башкалар...).

Ушул убакта Стивен өзүнүн болочок жубайы Эми Ирвинг менен таанышкан. Режиссер жана актриса бири бири биринчи жолу көргөндө эле сүйүп калышкан экен.1985-жылы алар турмуш курушкан, Эми Стивенге уул белек кылган, уулуна Макс деген ат бершкен. Бирок бул үй бүлөө бактысыз болгондуктан, 1989-жылы Стивен менен Эми ажырашып кетишкен. Максты, Стивен өзунө алып калган. Стивен режиссер катары эле эмес, ал продюссер жана сценарист катары белгилүү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)