Соттун токтому

Соттун токтому – КРде сот актыларынын бир түрү. Кылмыш-жаза процессинде – өкүмдөн сырткары, ишти кароодо сот жекече кабыл алуучу чечим. Жарандык процессте сот отурумдарында чыгарылуучу сот актылары С. т. деп аталат. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра караганда өкүмдү, чечимди, аныктаманы жокко чыгаруу, өзгөртүү же өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө С. т. чыгарылат. Сот актыларынын ичинен КР Жогорку сотунун пленумдарынын токтомдору өзгөчө орунду ээлейт, анткени аларда мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча жетектөөчү түшүндүрмөлөр камтылат. Мындай токтомдор жалпы юрисдикциядагы баардык соттор үчүн милдеттүү. Конституциялык сот өндүрүшүндө КР Конституциялык сотунун жыйынтык чечими да токтом деп аталат.

Комментариев: 1 RSS

1 Улукбек 23-02-2018 15:37

Саламатсыздарбы. Менин суроом мен бир ишкана менен турак жай боюнча облустук сотто соттошуп андан кийин жогорку сот карап турак жай мага калтырылсын деп 2004-жылы токтом чыгарып берген. Бирок үй-жайымды ушул күнгө чейин документтештире албай жүрөм. Азыркы күндө турак жайды камсыздандыруу керек экендигин билем.Эмне кылсам кайсы мамлекеттик органга кайрылсам болот?

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)