Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Соттун төрагасы

Соттун төрагасы – КРде тийиштүү сот органын (райондук, шаардык сот ж. б.) жетектөөчү судья. С. т. өзү жетектеген соттун деңгээлине жараша мыйзам тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарга ээ болот. Ошону менен бирге С. т. судьяларга иштерди, материалдарды, арыздарды кароо үчүн бөлүштүрөт, соттун жарандарды кабыл алуу, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча иштерди уюштурат, соттун аппаратынын ишине жетекчилик кылат, сот статистикасын жүргүзүүнү жетектейт, сот аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот, соттун кызматкерлеринин кесиптик даярдыктарын арттыруу боюнча иштерди уюштурат, КР мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)