Соттолуучунун акыркы сөзү

Соттолуучунун акыркы сөзү – соттолуучунун соттогу жарыш сөз аяктагандан кийин, соттун өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетээр алдында сотко кайрылып сүйлөөчү сөзү. Мыйзам соттолуучуга соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айкындалган жагдайлардын баарына өз баасын берүүгө, сотко өтүнүч айтууга мүмкүнчүлүк берет. С. а. с-нүн убактысы чектелбейт, бирок төрагалык кылуучу, эгер соттолуучу ишке тиешеси жок жагдайлар тууралуу сөз баштаса, анын сөзүн токтотууга акылуу. Соттолуучуга С. а. с-нүн учурунда соттолуучуга суроо берүүгө улуксат берилбейт. Коргонуу укугунун кепилдиктеринин бири. С. а. с-н бербей коюу – өкүмдү жокко чыгарууга негиз болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)