Сот-медициналык экспертиза жана сот медицинасы

Сот-медициналык экспертиза — тергөө жана сот процесстеринде пайда болгон медициналык суроолорду чечүүчү врачтык экспертизанын түрү. С.-м. э. бардык учурда тергөө органдарынын жана соттун сунушу боюнча жүргүзүлөт. Ал өлүмдүн себебин аныктоо, денеге залал келтирүүнүн мүнөзүн, ден соолугун, күнөөлүүнүн же күбөнүн психикалык абалын, анткорлонууну аныктоо үчүн милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Ошондой эле буюмдата далил (кандын тагы, чач, кийим айрыктары жана башкалар) ишке ашырылат. Аны сот медицинасы боюнча атайын даярдыктан өткөн врачтар — сот-медициналык эксперттер жүргүзөт. С.- м. э-да сот-медициналык изилдөөлөр боюнча акт түрүндө же сот-медициналык изилдөөлөрдүн корутундусу боюнча документ толтурулат. С.-м. э. кадрларын врачтардын билимин өркүндөтүүчү институттарда жана медициналык жогорку окуу жайдагы сот-медицина кафедрасы даярдайт. Сот медицинасы — медицинанын сот-тергөө иштерин жүргүзүүдө пайда болгон медициналык жана биологиялык маселелерди камтыган тармагы. Ал объектилердин сот-медициналык экспертиза методу менен изилдөө теориясы жана практикасын өз ичине камтыйт.

С. м. советтик сот адилет милдетин гана аткарбастан саламаттык сактоону өркүндөтүү, адам патологиясынын илимий маселелерин иштеп чыгууда да чоң роль ойнойт. С. м. криминалистика, кылмыш жана граждандык укуктун, медицинанын көп тармактары менен байланышкан көптөгөн суроолорду камтыйт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)