Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Соода менен арыктоо

"Соода менен арыктоо". Жөнөкөй нерселер татаал көйгөйлөргө далай жардам берип келген. Жек көргөн ашык салмактан көйгөйлүү эмне болсун? Акыркы убакта интернет тармагы тамак-аш соода менен арыктоо деген суроолор абдан көбөйдү. Же болбосо 1-2 жуманын ичинде ашыкча 5-8кг арылдым деген окуялар өтө көп. Мындай ыкмалар аябай кызыктырат туурабы? Өзгөчө жалкоо адамдарга. Келгиле соода менен кантип арыктаса болоорун болушунча чындык көз аркылу карап көрөлү.

Арыктоодо тамак-аш соодасы - касиеттери.
Соода деген эмне? Бул криссталдык ак күкүм, жыты жок, жагымсыз туздуураак-ачуу даамы бар. Бул химиялык заттын аталышы натрий гидрокарбонаты, же натрий кычкыл тузу жана көмүр кычкылы. Эң мыкты жумшарткыч, газдалган суусундуктарды чыгаруучу каражат. Сооданын кычкылга болгон реакциясын көп эле жолу көрсөңүз керек. Эгер соода күкүмүнө уксуздун же лимон кычкылынан бир нече тамчы тамчылатса, өчүү эффектиси пайда болот, көмүр кычкыл газы чыгып, шар болуп үйлөнүп, жарылып дегендей. Үйдөн өзүңөр жасап көргүлө.

Кулинарияда камырдагы сооданын иш-аракетин ошентип теңсалмактайт, бышкан аштар борпоң жана барбайып калат. Дүкөндө сатылган печенье жана газдалган суусундуктардын сырткы кагазында Е500 деген маркада белгиленет. Бул "Е" түрү коркунучу аз, бирок ашыкча колдонуу азыктын даамын бузуп коет.

[ushka=seredina]

Зарнага каршы карашат.
Соода жана суунун аралашмасын элдик каражат катары көкүрөк кыжылдаганда ичет - чындыгында зарна болуу дароо жоголот, бирок кыска убакытка эле. Андан соң көйгөй кайра кайтат, мурдагыдан дагы көбүрөөк кыжылдайт болдурат.

Миркобторго каршы каражат, сиңирүүчү күкүм.
Күчү азыраак соода жана суу раствору жеңил ууланууларда, оозду чайкоодо колдонулат. Соода эң сонун абсорбент жана мыкты антимикробдук каражат.

Үй шартындагы тазалоочу, майларды кетирүүчү каражат.
Тамак-аш соодасын арыктоо үчүн колдонгондор ал майларды жакшы ажыратаарын билишет, сооданын бул касиетин идиш-аяк жууганда да кошот. Кальцийленген сооданы, тамак-аш соодасынан айырмалап бирлүү жакшы! Кальцийленген сооданы дагы идиш жууганда колдонушат, бирок арыктоо үчүн аны колдонуу таптакыр болбойт.

Арыктоо үчүн сооода жана лимон, соода ваннасы.
Арыктоо үчүн соода жана лимон суусундугун колдонуу - маанисиз ыкма. Соода менен арыктоо мүмкүнбү же жокбу бул эмпирикалык жактан гана аныкталат, жеке тажрыйбада. Сооданын жардамы аркылуу ашыкча салмактан арылган окуялар да бар, медицина кызматкерлеринин ойлору дагы бар. Кайсынысына ишенүүнү өзүңүз тандаңыз. Бирок гастроэнтерологдун кеңешмесин угуп коюуудан жалкоолонбоңуз. Андай болбосо натыйжа эң жаман болуп калышы мүмкүн.

Арыктоо үчүн соода жана лимон суусундугунун рецепти: 1 стакан кайнатылган жана бөлмө температурасындагы сууга 1 чай кашык соода, 1 чай кашык жаңы сыгылган лимон ширеси кошулат.

"Соода менен арыктоо". Жакшыраак ыкмасы - ысык соода ванналары. Натрийдин тузу жана ысык суу (албетте өтө ысык эмес, тери күйбөгөндөй) лимфродренажды күчөтөт, организмдеги ашыкча суюктуктар сыртка чыгат. Жакшы эффект болуусу үчүн процедурадан кийин чайканбай койсо болот, денени катуу эмес сүлгү нымдап, жатып туруу керек. 10-20 сеанс жасоо сунушталат(1 күндө бир сеанс), сеанстын узактыгы 20-30.

Соода ваннасынын рецепти: Ваннаны 38-42 градус суу менен толтуруп, 200гр сооданы кошуп, аралыштырып, 100гр дениз тузу, арча майынан 3-4 тамчылатып кошсо эффект жакшыраак болот.

Натыйжада эмнени алабыз?

  1. Салмактын 2кг чейин төмөндөшү, биринчи сеанста эле(организмдеги суюктуктун сыртка чыгуусунан улам).
  2. Тери жылмакай болуп, чыканактагы, согончоктогу катыган тери жумшарат.
  3. Биринчи сеанстан кийин эле теринин агаруусу байкалат.
  4. Нерв системасынын нормалдашуусу, тынчтануу.
  5. Албетте, кичине болсо да кубаныч.

Толук адамдарга целлюлит, беттеги сепкилдер, далыга чыккан аркандай ысыктар менен күрөшүүдө соода жакшы жардамчы. Сооданы скраб катары колдонгула - тери жибектей болуп, май жалтырактар кетет, тердөө азаят. Скрабды күндө колдонсо болот.

Соода сркабынын рецепти: Бир чыныга 3 чай кашык соода, 1 чай кашык бал жана 2-3 тамчы суюк самын кошуп, каймак абалына келгиче аралаштыруу керек, жумшак губканы алып, теринин көйгөйлүү жерлерине айландырып сүйкөө керек. Көздүн айланасына скрабды сүйкөөгө болбойт. Катуу мочалкаларды колдонуу болбойт.

Каршы көрсөтмөлөр.
Арыктоо үчүн жасалган бардык "жалкоо" ыкмалар - өзүңүздүн организмиңизге оор сыноо. Сөзсүз врач менен кеңешиңиз, бир дагы ыкманы аша-чаап колдонбогула.

Эскертүүлөр:

Урматтуу окурман, соода менен кантип арыктаса болот деп жатып, ден-соолугуңузга зыян келтирип албагыла. Соода ичип арыктоонун ашказанга кандай зыян экенин кичине болсо да, чекесин чыгарып айтып өттүк. Кээ бир адам табиятынан эле толук болот. Бирок бул Сиздин ийгиликке жетүү умтулууңузга эч кандай зыянын тийгизе албайт. Ийгиликтүү жана бактылуу толук адамдар дүйнөдө абдан көп. Ал эми биздин "соода менен арыктоо" макалабыз ушуну менен аягына келди. Суроолор сунуштар болсо тартынбай жазгыла. Атыңызды башка атап жаза бергиле. Ар бир адам купуяга укуктуу.

[ushka=pohudenie]
Жайгаштыруу: 2018-04-04, Көрүүлөр: 14144, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-25
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо