Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сомали

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Сомали

Жеринин аймагы 637657 чарчы/чакырым. Калкы - 7489000 адам. Сомали Демократиялык Республикасы Африкада, экватордон түндүгүрөөктө кандайдыр бир укмуштуудай зор жаныбардын мүйүзүндөй ийилип жаткан Сомали жарым аралында жайгашкан. Ал бир кыйла чоң мамлекет, бирок калкынын саны анча көп эмес. Мында бар болгону 7 миллиондон ашуун калк жашайт. Элинин көпчүлүгү көчмөн жана жарым көчмөн турмушта жашашат. Алар төө, уй, эчки жана кой өстүрүшөт. Ал эми өлкөнүн кургак жарым чөл зонасындагы көпчүлүк райондорунда эгин өстүрүү өтө кыйын. Мында туруктуу түшүм алуу үчүн, жерди жасалма жол менен сугаруу зарыл. Сугат системасын түзүү үчүн республиканын өкмөтү бир кыйла иш чараларды жүргүзүп жатат.

Натыйжада эгин эгүүчү жаңы райондор пайда болууда. Бул өлкө сейрек кездешүүчү элементтерге, темир жана башка кендерге бай. Сомалинин түштүк жээктериндеги муссон жамгыры арбын жаай турган өзөндүү түздүктөрдө калың тропик токою сакталып калган. Бул жерде маймыл, кериктер көп, сууларында крокодил менен бегемоттор жашайт. Көлмөлөрүндө эчен түрдүү канаттуу куштар сайран курууда. Өлкөнүн түндүгүрөөгүндөгү саванна жана жарым чөл зонасында чөп жечү жаныбарлар - антилопа, зебра, буйвол, жирафтар үйүр-үйүр болуп жүрүшөт.

Бул жерде арстан, көк жал, чөө сыяктуу жырткыч жаныбарлар да көп. Кургакчылык өкүм сүргөн учурда аптапка куйкаланып, кызгылт күрөң тарта куураган сейрек-сейрек чөптөрдү, тикенектүү бадал менен ысыктан жалбырагы күбүлүп бирин-серин калган дарактарды жүздөгөн чакырым жерден көрүүгө болот. Бирок жамгыр жааган кезде мунун баары дароо өзгөрөт: айлана көгөрүп кулпунуп, бадал, дарак жашыл жалбыракка бөлөнөт. Жамгыр жааган учурда жергиликтүү эл жерге жүгөрү, таруу, пахта, буурчак эгишет. Сомали айыл чарба продукциясынын бир бөлүгүн, бодо мал менен бананды чет өлкөлөргө чыгарат. Сомали элинин байыркы замандан бери өзүнө таандык маданияты бар. Алар жаңы доордун алгачкы кылымынан тартып эле гректер, индиялыктар, арабдар менен соода иштерин жүргүзүп келишкен, 20-кылымдын башында өлкө колонизаторлордун бийлиги астында калат. Сомали эли колуна курал алып, өз эркиндиги үчүн күрөшкө чыгышат. 1920-жылы колонизаторлор куралдуу көтөрүлүштү басууга жетишет.

Бирок эл өзүнүн көз каранды эместиги үчүн күрөшүн токтоткон жок. Акыры 1960-жылы Сомали Республикасы түзүлдү (1969-жылдан Сомали Демократиялык Республика деп аталат). Мамлекеттин борбору Могадишо шаары болуп калган. 1991-жылдан бул өлкөдө уруулар арасында согуш башталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1097, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу