Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сүттүн адамдар үчүн мааниси

Баш барак | Ветеринария | Сүттүн адамдар үчүн мааниси

Сүт - бул сүт эмүүчү жаныбарлардын жана адамдардын эмчектеринен лактация мезгилинде иштелип чыгуучу суюктук, бала жана жаңы туулган мал үчүн өтө аш болумдуу физиологиялык азык зат. Төрөттөн жана тууттан кийин алгачкы күндөрү ууз болуп чыгат да, бир нече күндөн кийин акырындап сүткө айланат. Ууз жана анын касиеттери жөнүндө төмөндө атайын бөлүмдө кеңири баяндалмакчы. Мал сүтү адам баласы үчүн абдан баалуу азык-түлүк. Ал байыркы замандардан бери эле пайдаланып келинген. Сүттүн составындагы организмге, айрыкча балдар үчүн эң керектүү заттардын оптималдуу катышта болушу аны баа жеткис азык кылат.

Сүттүн составы жөнүндө маалымат (100 грамм сүттө):

Пайдалуу сиңимдүү заттарУйдукуАдамдыкы
Суу, г88,087,5
Энергия, ккал.,г61,070,5
Белоктор, г3,21,0
Майлар, г3,44,4
Лактоза (кант),г4,76,9
Минералдык заттар, г0,720,20

Сүт белогу негизинен казеин, лактоальбумин жана лактоглобулинден турат. Сүт белогунда жашоого керектүү, организмде синтезделбөөчү аминокислоталардын баардыгы болот. Бул заттарды организм башка эч бир азыктан ала албайт, сүт ошонусу менен баалуу. Сүт майында фосфолипиддер, микроэлементтердин сейрек комплекстери бар. Сүттөгү май бүртүгү үстүнө калкып чыгып, каймак пайда кылат. Сүттөгү углевод-лактоза (сүт канты) сүттө гана учурайт. Ал сүт кислотасын жана башкаларды пайда кылуу менен түрдүүчө жана оңой ачыйт. Бул процесс сүт кычкыл азыктарын, быштак, айран, сүзмө, сыр, кымыз ж. б. жасоо технологияларында пайдаланылат. Сүттө минерал заттар организмге керек өлчөмдө, катнашта болот, мындан тышкары алтымыштан ашык фермент болот. Бул ферменттер тамакты жакшы сиңирүүдө жана сүт азыктарын даярдоодо маанилүү. Сүттүн составында гормондор, иммун заттары, газдар жана микроорганизмдер кездешет. Жаңы саалган сүттө бактерияларга каршы заттар (лактенин) болуп, алар сүттөгү микроорганизмдердин өөрчүшүн 2-3 саатка токтотуп турат. Ошондуктан жаңы сүт 4-8градус чейин муздатылса көпкө сакталат.

Сүт азыктары - тамак-аш азыктарынын сүттөн жасалуучу чоң тобу. Сүттөн түрдүү азыктарды даярдоо - анын сактоо мөөнөтүн узартуу жана составындагы аш болумдуу заттарды сактоо илгертен эле белгилүү болгон. Сүт азык заттарынан азыркы убакта каймак, айран, кефир, йогурт, быштак, сыр, каймак май, сары май, сүзмө, кымыз жана башкалар кеңири колдонулууда Тыянак чыгаруу: Сүттүн составындагы организмге, айрыкча балдар үчүн эң керектүү заттардын оптималдуу катышта болушу аны баа жеткис азык кылат.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1038, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу