Сүлүктү глиеж кени

Сүлүктү глиеж кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Түркстан кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1100 м бийиктикте. Бул жерде бири бирине жакын жайгашкан 3 участка (Коросон, Белалма, Ортотуз) бар. Кен 1930-ж. Сүлүктү күрөң көмүр кенинде геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлө баштагандан белгилүү. Кыргыз ССР геол. башкармасы чалгындоо жумуштарын жүргүзгөн (1956). Кен аймагында юра мезгилинде пайда болгон көмүрлүү чөкмө тоотек катмарлары жатат. Кен жер астында табигый өрттөнгөн көмүр менен байланышта болуп, конгломерат, гравелит, кумдук жана чопонун күйгөн катмарларынан турат. Глиеж катмарлары 200–300 мге чейинки терендикте кезигет: узундугу 4–6 км, туурасы 6–50 м, калыңдыгы 4,65–35 м. Глиежди портланд цементе жана бетонго аралаштыра турган кошунду катары пайдаланууга болот. Запасы С1 категориясы боюнча 2350 миң т, С2–2400 миң т, болжол ресурсу 26 млн т. Карьерден казып алууга мүмкүндүк бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)