Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Сүлөөсүн

Сүлөөсүн (Lynx lynx), (Linnaeus, 1758):

Бүт Кыргызстан боюнча негизинен орто бийик тоолуу токойлор жана бадалдуу тоолордо жашайт. Сырткары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Тибет, Гималай, Индия, Пакистан жана Афганстанда кездешет . ==Жашаган аймактары==Сүлөөсүн кеңири таралганы менен бардык жерлерде саны аз санда. Ар бир эле капчыгайларда жолуга бербейт . Анын таралышы азыгынын болушу менен байланыштуу. Эгерде ал аз болсо, тоо кыркаларынын бойлоп башка участкаларга көчүшөт .

Жашоочу 100 гектар жерге 0,1-0,02 особдон ашыгыраак келет. Мисалы, Шамшы, Кегети, Ысыката, Аламүдүн, Аларча, Аксуу, Жарлыкайынды, Кыргыз тоо кыркаларынын түндүк бетинде 20 сүлөөсүн катталган . Бул факт анын аз санда экенин жана жашыруун жашап жүрүшүн айкындайт. Чоңкеминде сүлөөсүн дайыма болот. Талас аймагында жана Нарын дарыясынын башында карагайлуу токойлордо анын саны биртоп жогору . Бул жырткычка мүнөздүү болуп саны аз. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Түркстан сүлөөсүнүн биологиясы толук изилденген эмес. Бул түрчө Европалыктан айырмаланып дарактуу-бадалдуу токойлордо көбүрөөк болгону менен токойлордо дайыма жашоочулардан болуп саналбайт. Сүлөөсүн ар кандай биотоптордо кездешет. Аны карагайлуу, арчалуу жана жалбырактуу токойлордо же бадалдардан эле турган участкаларда табылган. Ал эми токойсуз райондордо таштуу зоолордо жашынышат . Сүлөөсүн көбүнчөсүн ортонку бийиктикте жашайт, кээбирде тоо этектеринде да келет, ошондой эле бийик тоолордун этектеринде жапалак арчалуу же таштуу келген зоокаларга жашынат. Бул жырткыч көпчүлүк учурда жашоо-тиричилигин түнкүсүн жана күүгүмдө жүргүзөт. Күндүз капчыгайларда, көбүнчөсүн калың токойлордо же чоң-чоң таштуу жерлердин арасында жашынат. Азык базасы жетиштүү болсо, көп алыс кетпейт, отуруктуу жашайт. Эгерде жетишпесе, башка райондорго көчмөндүүлүк кылат (көчүшөт) . Сүлөөсүндүн кууту кыштын аягында – жаздын башында башталат . Болжолу, 70 күндөн кийин 2ден 3кө чейин балдарын тууйт , кээбирде алардын саны 4-5 ке жетет . Энеси менен балдары келерки жылга чейин бирге жүрүшөт. Сүлөөсүндүн негизги азыктары – ар түрдүү омурткалуу жаныбарлар, негизинен сүт эмүүчүлөр түзүшөт, ошондой эле куштар. Жырткычтын эң жакшы көргөн табылгасы – коөндор, алар аз болуп калса эликке, бөдөнөгө, кекилике, чычкан сымал кемирүүчүлөр жана майда таранчы сымал куштарга кол салат. Бийик тоолордун этегине өтсө эчкилерди жана жаш текелерди кармап жешет, ушул жерлерде уларга да аңчылык кылат .

Жашоочу жерлеринде азык базасынын мүмкүн жетишсиздиги жана карышкырлардын конкуренциясы. Браконңерлер сүлөөсүндү абдан сейрек атышат.

Колдо көбөйтүү боюнча маалымат бар.

СССРдин жана Кыргыз ССРинин Кызыл китептерине киргизилген. 1986-жылдан тартып азыркы убакка чейин сүлөөсүнгө аңчылык кылуу тыюу салынган. Кыргызстандын коруктарында жана заказниктерде башка жаныбарлар менен ал кошо коргоого алынган.

Тоолордун ортонку бөлүгүндө жаңы коруктар менен заказниктерди түзүш керек, себеби бул жерлерде сүлөөсүн коргоого алынат. Браконңерлер тапкан сүлөөсүндүн анча - мынча териси жергиликтүү элдин колуна түшөт. Ошондой эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Бул түрчөнүн биологиясы начар изилденгенине жана жашаган жерлеринде анын биоценоздук ролуна көңүл буруш керек.

VI категория, Nearly Threatened, NT. Сүлөөсүндүн саны анча көп эмес болгонуна карабастан азырынча санынын төмөндөшү байкалбайт. Республиканын территориясында сүлөөсүндүн сейрек түрчөсү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)