Сүйлөөнү өздөштүрүүнүн өбөлгөсүнүн калыптанышы

Карым-катнашка болгон керектөө чоз кишилердин речиндеги тыбыштарды тууроонун пайда болуш негизин түзөт. Чоз кишилер балага кайрылып сүйлөй баштаганда бөбөк тынчып, тызшайт. Үч айдан кийин бөбөк үн сала баштайт. Мындай үн салуу, тызшоо көп ирет кайталанат. Кийинчерээк төрт айында бөбөк тыбыштарды тизмектештирип туурайт. Мисалы, бөбөктү терметип жатып, «а-а-а!, а-а-а!» деп үн салса, бөбөк «о-о-о!» деп тизмектештирип кайталайт.

Л. М.Фигурина, М.П. Денисова (54,171) бөбөктө сүйлөөнүн пайда болуш этаптарын аныктоого аракеттенишкен: Биринчи этап үн салуу. Экинчи этап – былдыроо, үчүнчү этап – сөздү окшоштуруу, тууроо. Сөздүн пайда болушу. Алар сүйлөөнүн пайда болуш этаптарында бөбөктүн тыбыштарды бөлүп үн салуусу жана былдыроо шарттуу рефлекс менен байланыштуу карашкан. 8 айында окшоштуруп тууроо активдешет.

Мисалы, (чайды уф) деп окшоштуруп айтат. Мындай сөздүн пайда болушу эрте жаш куракка өтүүгө болгон даярдык катары каралат. Чоз кишилер ымыркайга жайдары жылмайып, ар кандай сөздөрдү кайталоо менен, анын эмоционалдуу абалын активдүүлүгүн жогорулатат.

6-7 айлык жеткиликтүү өнүккөн бөбөк чоздордун сөзүн муунга бөлүп былдырап туурай баштайт. Былдыроо менен бөбөк чоз кишилер менен карым-катнашка, речтеги жазы тыбыштарды ажыратып кайталоого үйрөнө баштайт. Ымыркайдын былдыроосу сүйлөөнүн өнүгүүсүнүн эриндин, тилдин кыймылынын өркүндөшүнүн шарты. Бөбөк мындай даярдыктын негизинде кийин тилди өздөштүрө алат. Эгерде чоздор бир айлык ымыркайга сөз аркылуу кайрылып эмоционалдык оз абалды түзсө, алты-жети айында бөбөктө сүйлөөнү түшүнүүнүн атайын шартын түзүүгө аракеттенишет.

Сүйлөөнү түшүнүү эз алгач көрүү аркылуу кабыл алуунун негизинде пайда болот. Бөбөктө суроо менен кайрылып ага аталган затты көрсөтүп көп ирет кайталоонун негизинде байланыш түзүлүп бышыкталат. Бөбөктө сүйлөөнү түшүнүүнүн өзгөчөлүгү байкалат. Тогуз-он айында кабыл алуусу татаалдашып, жашоодогу зарыл сөздөрдү түшүнө баштайт.

Он айлык бөбөктүн кабыл алуусу тандалмалуу түрдө заттарга багытталат. Өзүнө жакан түстүү оюнчуктар менен аракеттенет, эмоционалдык реакциясы жогорулайт. Биз мындан ары бөбөккө жүргүзүлгөн күндөлүк байкоолорду айга бөлүп берүүнү туура таптык. Айжан он айында «Ориент» саатын көрүп умтулганда мукабасы кооз китеп менен жапсак анны түртүп, саатка кайра умтулат. Эмоционалдык реакциясы жогору.

«Жаздын он жетинчи ирмеми» деген кинону көрүп отурганда кинодогу кичинекей бала ыйласа кошо ыйлады. Үндүн басымына карата ар кандай сезим пайда болот. Ачуулансаз коркот, жылмайсаз кубанып эркелейт. Түшүнгөн сөздөрдү отур, тур, кел, кош, аяй, ата-апа, тай-тай ж. б. күнүмдүк жашоодо колдонулуучу сөздөр. Демек, анын кабыл алуусу эмоционалдык абалын, түшүнүгүн багыттап жөнгө салуу менен психикасынын өнүгүүсүнө шарт түзөт.

10-11 айында затты белгилөөчү сөз менен заттардын ортосундагы байланыш түзүлүп, бөбөк аталган затты издеп табат. Бул бөбөктүн сүйлөөнү түшүнүүсүнүн баштапкы формасы. Мисалы, 10 айлык бөбөктү «куурчак кайда?» деп сурасаз аны таап көрсөтөт.

«Чоз куурчак кайда?» дегенде мурунку куурчакты көрсөтөт, кайрадан «чоз куурчак кайда, ал эмес?» дегенде көзү менен издеп, таап кубана баштайт. (В. С.Мухинанын күндөлүгүнөн). Бөбөк затты жөн гана издебестен, чоз кишилер менен карым-катнашта болууга умтулат.

Карым-катнаштын натыйжасында чоздордун сөзүн түшүнгөндө бөбөктүн кубанычы байкалат. Бир жаштын аягында 11 айлык бөбөк чоздорго умтулуп, алар менен ар кандай мамилелердин системасында болууга аракеттенет. Сөздөрдү, музыканы угуп кабыл алып, окшоштуруп туурап кайталайт. Эмоционалдык реакциясы активдешет.

Өз алдынчалыктын элементи пайда болот. 11 ай. Айжан кооз оюнчукту, айрыкча матрешканы көргөндө күлүп кубанат, ырдачы десез о-о-о деп радиодон укканын туурап үн салат, дегеле ыр-күүнү ынтаа коюп тызшайт. Кичинекей тегерек шакекчелерди өрдөктүн башына иле баштасак алып ыргытат, өзү илет, адамдын жайдары, капалуу абалын баамдайт.

Аракети активдүү басканга умтулат, тамакты өзү ичет. Тууроо жана сөздөрдү түшүнүп өздөштүрүү мазмунду мүнөзгө өттү. Чоздор менен мамиле түзүүгө аракеттенет. Он эки айында Айжандын өнүгүүсүндө төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөр байкалды. Үйдө энеси менен калганда чыргоолонот.

Балдырап үн салат. Дагы эмне болду?- десез балдырайт, бул анын өзүнүн тилинде сүйлөшүүсү болсо керек.

Суусаганда «уф» -«уф» деп чай сурайт. Ачуулансаз аяй деп жаагызды сылап жылмаят. Колуна тийген нерсени, китепти, дептерди барактап ачып, «окуп жатып» өз тилинде былдыроо менен оюн формасында биздин аракетибизди туурап өздөштүрөт. Бир-эки кадам шилтейт, колду кармайт, жетелесез кубанат да, керектүү оюнчукту алганда канаттануу сезими пайда болот. Жазы буюмдарга кызыгат.

Бир жаштын аягында анын аракеттери багыттуу боло баштагандыгы байкалат. Чоз кишилер менен мамилелердин системасы өзгөрүп, алардын мамилесине карата, өзүнүн аракетин багыттайт, керектөөсүн сөздүн белгилүү мууну аркылуу түшүндүрөт. Бөбөктүн бир жаштагы мезгили адам затынын жашоосундагы эз негизги мезгил.

Өзүнүн жөнөкөй керектөөлөрүн канаттандыра албаган жардамсыз ымыркай бир жаштын аягында чоздордун таасири астында заттар менен аракеттенүүнүн негизинде өнүгө баштайт. Бул куракта бөбөк 4-15 сөздү кайталап айтат. Сөздү түшүнүүнүн активдүүлүгү бөбөктүн речинин өнүгүүсүнүн шарты жана чоздор менен карым-катнаштын кезейишинин маанилүү каражаты.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)