Сөөл

Сөөл — теринин вирустуу оорусу. Көбүнчө балдар жана жаш кишилер ооруйт. С - дү ар кандай вирус козгойт. Ал оорулуу менен жолукканда, буюмдар аркылуу жугушу мүмкүн. Анын пайда болушуна теринин дүүлүгүшү, жараланышы, тердеши шарт түзөт. Жашыруун мезгили 2—5 ай. Кадимки С. адатта саргыч түстө болуп, учунда калың бүдүрчөлөрү болот.



Ал акырындык менен гүлдүү капуста сымалданып өсүп, колго, салааларга, бетке, дененин башка жерлерийе чыгат. Кээде таманда да пайда болушу мүмкүн. Жалпак С. туура эмес формада болуп, манжалардын сыртына жайгашат. Ал өспүрүмдөрдүн чекесине, оозунун тегерегине, колуна чыгат. Айрым учурда бир аз кычышат. Карыган кишилерде С. боз, күрөң же кара түстө болуп, бетке, моюнга, денеге чыгат. Көпчүлүк адамдар С-дү өз алдынча дарылашат. Бул туура эмес.



Сөзсүз врач-дерматологго же косметологго кайрылуу керек. Дарылоодо хирургиялык жол, электр коагуляциясы жана сөөлгө каршы дары-дармектер колдонулат. С-дү алдын алууда өздүк гигиена эрежелерин сактап, бут-колду таза алып жүрүү керек. Чоочун адамдын бут кийимин, байпагын, кол кабын, тырмак же сакал - мурут алуучу аспаптарын, сүлгүсүн жана башкалар буюмдарын пайдаланууга болбойт. Бут кийимди туура тандап кийген оң. Айрылып, сыйрылган, тытылган жерди марганцовканын (мала түстө) же тамакка кошуучу сода эритмесине салып, жылуу ванна алып, андан соң йод же бриллиант көгүн сүйкөө сунуш кылынат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)