Синьцзян кыргыздары

Синьцзяндын кыргыз калкы жөнүндө мурда айтылгандардын бардыгы негизинен Кытайда, анын ичинде Синьцзяндын территориясында элдик - демократиялык бийлик орногонго чейинки мезгил жөнүндө айтылды. 1949-жылдан тартып синьцзяндык кыргыздардын бүткүл социалдык - экономикалык уклады, жашоо турмушу менен тиричилигинин шарты акырындык менен терең өзгөрүүлөргө учуроодо. Элдик Кытайда кыргыздар толук саясий тең укуктуулукту алышып, эми алар эң эле унутулган жана азап чегип жүдөгөн майда эл болуудан калды. Алардын укуктары менен кызыкчылыктары Кытай Эл Республикасынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин жалпы программасында бардык улуттук азчылыктар жөнүндө жарыяланган ошол эле бийик принциптер менен корголуп жана камсыз кылынат.

Синьцзяндын боордош кытай, уйгур, казак, дунган жана башка калктары менен бирге кыргыздар жаңы, жаркыраган турмушту курууга киришти. Алар үчүн социалисттик келечекке алып баруучу жолду жарык кылып турган маяк катарында кубаттуу Советтер Союзу кызмат кылат, ал эми жашоонун жаңы түрүн куруудагы практикалык тажрыйбаны Синьцзяндык кыргыздар бүткүл кытай эли менен бирдикте, улуу орус эли менен, коңшу советтик республикалар — Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын элдери менен тыгыз бирлештикте жана достукта болуу аркылуу алат. Ырайымсыз эксплуатациялоодон жана эзүүдөн, улуттук чыр-чатактардын отун жаккан аракеттеринен көрүнгөн гоминдандык өкмөттүн реакциячыл саясаты кыргыз калкынын экономикалык жана маданий жактан терең артта калуусун күчөткөн.

Элдик бийликтин Синьцзяндын кыргыз калкы жашаган уезддериндеги маанилүү милдеттеринин бири кыргыз чарбасынын негизги тармагы болгон мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө берген жардамы болду. Кыргыз малчылар эпизоотияларга каршы күрөштө натыйжалуу жардамдарды алууда. Жыл сайын аларга эпидемияларга каршы эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ветеринардык отряддар барып турушат. Алар мал сатып алуу үчүн өкмөттөн карыз акча (ссуда) алышат. Элдик өкмөт көчмөн мал чарбачылыктан акырындык менен малды алыскы жайыттарда багууга өтүүнү тездете турган бир катар чараларды жүргүзүүдө. Ушуга байланыштуу кыргыз калкы да көчмөн жашоодон отурукташып жашоого өтүүдө. Уезддик эл өкмөттөрү малчылардын кеңешмелерин чакырып, анда малды багып-өстүрүүнүн алдыңкы тажрыйбалары жыйынтыкталууда. Кышкы мал сарайларын куруу, малды кышында тоют менен камсыз кылуу сыяктуу иштер практикага киргизилүүдө. Жогорку азык-түлүктүү мал чарбасын өнүктүрүүдө маанилүү орун Советтер Союзунун жардамы менен түзүлүп жаткан мамлекеттик мал чарбаларына таандык.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында кийинки жылдарда малдын башын кескин көбөйгөнү белгиленүүдө. Алсак, Улуучат уездинде боштондукка чыккандан кийинки 9 жылдын ичинде малдын башы үч эседен көбүрөөк өсүп, дээрлик 100 миң башка жеткен. Кеңири, тоютка мол жайыттардын бар болушу кыргыз мал чарбачылыгынын өнүгүшү үчүн кеңири перспективаларды камсыз кылууда. Дыйканчылык менен кесиптенишкен кыргыз калкы үчүн 1953-жылы аяктаган жер реформасынын жүргүзүлүшү зор окуя болду. Байлар менен жарым - феодалдарга оор көз карандылыктан кутулган эмгекчи дыйкандар өзүлөрүнө тийген жер аянттарын дилгирлик менен иштетишип, эккен өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууда. 1958-жылы дыйкан жана малчы кыргыздардын көпчүлүгү бул жерде түзүлгөн элдик коммуналарга киришти. Синьцзяндын эмгекчи кыргыз калкынын турмуш жыргалчылыгын көтөрүүдө бул аймакта кеңири жайылтылган мамлекеттик соода тармактары чоң роль ойноду, бул соода иштери ири айыл-кыштактардагы магазиндер жана мамлекеттик соода компанияларынын көчмө соода алачыктары аркылуу ишке ашырылган.

Алар кыргыздарды керектүү өнөр жай товарлары жана тамак-аш азык түлүктөрү, алардын ичинде мурда кыргыздардын көпчүлүгүнүн колу жетпеген товарлар (ун, кант, чай, пахтадан токулган кездемелер ж. б. ) менен камсыз кылып жабдып, алардан мал чарба азык-түлүктөрүн адилеттүү баада сатып алып турушат. Кыргыздар жашап турган уезддерде өнөр жай ишканалары курулууда. Улуучат уездинде пайдалуу кендерди казып алуу боюнча кен өнөр жайы өнүгүүдө. Советтер Союзунун жардамы менен бул жерде тургузулган кен ишканалары менен заводдордо көптөгөн кыргыз жумушчулар эмгектенишүүдө. Кытайдын кыргыздарынын тарыхында биринчи жолу жумушчу табы пайда болуп жатат. Бардык жерде кыргыз эмгекчилердин кирешелери өсүп, алардын турмуш деңгээли, маданияты жана билими жогорулоодо. Улуттук азчылыктар, алардын ичинде кыргыздар жашаган райондордо элдик саламаттык сактоо иштерине бир кыйла чоң көңүл бурулууда. Бул жерлерде азыртан эле көптөгөн ооруканалар, амбулаториялар жана уезддик медициналык пункттар ачылган. Мындан башка да көчмө медициналык отряддар иштейт. Синьцзяндын кыргыздары азыркы медициналык жардамдардан пайдаланууга биринчи жолу мүмкүнчүлүк алышты. Кедейлерди акысыз медициналык тейлөө уюштурулган. Мурда кыргыз үй-бүлөлөрүнүн чоң кырсыгы болуп саналган балдар өлүмүнө каршы күрөштө бир кыйла жакшы натыйжаларга жетишип, балдардын төрөлүшү өстү.

Кыргыздардын маданий артта калгандыгы да жоюлууда Ондогон баштапкы мектептер ачылып, аларда кыргыз балдары өз эне тилинде окуп жатышат. Азыр орто даражадагы бир нече кыргыз мектептери да бар. Кызыл-Суу автономдуу округунда гана 1958-жылы бул мектептерде 400 гө жакын окуучулар окуган. Окуучулар патриотизмдин жана интернационализмдин духунда тарбияланууда. Кыргыз жаштарынын өкүлдөрү Пекин, Тяньцзин, Ланьчжоу, үрүмчү шаарларынын ар түрдүү окуу жайларында (улуттук азчылыктардын институттарында, техникумдарында ж. б. ) да окушат. Агартуу иштеринин өнүгүшү кыргыздардын жазуусун түзүү менен тыгыз байланыштуу. Азыркы учурда кыргыз тилинде окуу китептери, саясий, көркөм жана илимий адабияттар, «Кызыл-Суу» округдук газета басылып чыгууда. Азыр араб алфавити убактылуу колдонулууда, кийинчерээк ал латын тамгасы менен алмаштырылат. Ушул тапта кыргыз тилин жана жазуусун окуп-үйрөнүү боюнча комитет сыяктуу илимий борбор иштеп жатат. Кыргыз автономдуу округунда үч маданият үйү, ар бир уездде бирден клуб бар. Беш көчмө кино дыйкандарды, малчыларды жайыттарга барып тейлеп турат. 1957-жылы адабий-көркөм ансамбль түзүлүп, ал Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда өткөн биринчи адабият жана искусство фестивалында 2- сыйлыкты жеңип алган. Оозеки элдик чыгармачылык жана өздүк көркөм чыгармачылык ырларда Кытайдын Коммунисттик партиясы, төрага Мао Цзэдун жана социализмди куруп жаткан кыргыз элинин бактылуу турмушу макталат. Синьцзян бошотулганга чейин кыргыздардын мамлекетти башкаруу ишине катышууга укугу жок болгон.

1954-жылы Синьцзяндын жогорку бийлик органына — эл өкүлдөр жыйынына кыргыз калкынан тогуз өкүл шайланып43 , ал эми кыргыздардан бир өкүл Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынына шайланган. Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда жашаган кыргыздардын саясий, экономикалык жана маданий жагынан ар тараптан өнүгүшү үчүн 1954-жылы июлда бул жерде бир нече автоноллдуу административдик бирдиктер түзүлгөн, алар: Ак-Чий (Ахеци), Улуучат (У-хэ), Артуш (Атуаньши) жана Ак-Тоо уезддеринен турган Кызыл-Суу кыргыз автономдуу району, бул районго үч - Турпан (Уши), Жаңы-Гиссар (Иньцзиши), Таш-Коргон (Пули) жана Кашкар (Шуфу) уезддеринин кыргыз калкы жайгашкан бөлүктөрү да кирген, Иле (казак) автоноллдуу округунун курамындагы Кызыл-куре (Текес) уездиндеги Көк-Терек улуттук кыргыз району жана Моңгол-Куре (Чжаосу) уездиндеги улуттук кыргыз болуштугу кирген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)