Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Симпаталгия

Симпаталгия — мезгили менен ачы шып, күйгүзгөндөй чыдатпаган оору менен мүнөздөлгөн, вегетатив нерв системасынын симпат бөлүгүнүн жабыркоосу. С. ар кандай жугуштуу оорулардын. уулануунун, остеохондроздун жана башкалар натыйжасында пайда болот. С. көбүнчө эмоция менен байланыштуу болуп, бет, ийин, далы жана бут нервдери ооруга чалдыкканда болот. Бет С-сында мезгили менен бир жак бет ачышып чыңалгансып, чыдатпай ооруйт. Беттин ооруган жагы шишип, көз кызарып, жаш агат, мурундан суу куюлат.

Оорулуу тынчсызданып, оорусунан алаксыш үчүн ары-бери басууга мажбур болот. Бет С-сы көз, жаак, тиш, тил, таңдай, кулак, моюн, ийин, далыга тарайт. Оору басаңдагандан кийин кулак чуулдап, бет чымырашы мүмкүн. Ийин жана далынын С-сында оорулуунун ийини, моюну, эки далысынын ортосу ачышып, талып, уюп тургандай сезилет. Оору көбүнчө түнкүсүн, тынч жатканда кармайт.

Жүрөк жактан кармаганда, жүрөктүн тушу сайгылашып, уюп ооруйт, ал ийинге тарайт. Жүрөк С-сы стенокардияга окшоп кетет, бирок мында стенокардияда жардам берүүчү дарылардын (мисалы, нитроглицерин) пайдасы жок. Остеохондрозго чалдыкканда да С. болуп, буттун арты жана каптал жагы аябай ачышып, күйгүзүп, чыдатпай ооруйт. Буттун өңү өзгөрүлүп, муздап, тердеп, сезгичтиги күчөйт. Өз убагында врачка кайрылуу зарыл. С-да ооруну токтотуучу тиешелүү дарылар колдонулат жана физиотерапия. ийне менен дарылоо жүргүзүлөт.

С-ны алдын алууда аны пайда кылган себептерине каршы аракет жүргүзүлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)