Симаков Георгий Николаевич

Симаков Георгий Николаевич, тарыхчы-этнограф, Орто Азия жана Казакстандын этнографиясы боюнча адис. С. М. Абрамзондун окуучусу жана шакирти болгон Г. Н. Симаков «Общественные функции народных развлечений кыргызов в конце XIX - начале ХХ века» аттуу темада тарых илимдеринин кандидаты, 2000-ж. «Культ хищных птиц у народов Средней Азии и Казахстана: На примере соколиной охоты» деген темада тарых илимдеринин докторлук диссертациясын коргогон.. Кыргыздардын салттуу маданияты, элдик оюндары боюнча, аң уулоо ж. б. боюнча ири адис. 17 ирет илимий-этнографиялык экспедицияларда болгондугу маалым. Кыргыз жерин түгөл кыдырып, этнографиялык материалдарды жыйнаган, натыйжада. 1982-ж. «Общественные функции народных развлечений кыргызов в конце XIX - начале ХХ века. Л., 1984. 222 с.» аттуу монографиясын жарыкка чыгарган. Кыргыз этнограф-тарыхчылары менен өтө тыгыз кызматташтыкты туткан, студенттердин илимий жыйындарында илимий билдирүүлөрдү жасагандыгы маалым. Г. Н. Симаков 1942-ж. Челябинск областындагы Киров районунун Варлаково кыштагында туулган. Энеси Ленинграддан эвакуацияланып келегн, атасы Совет армиясынын офицери катары фронтто согушуп жаткан.1959-ж. Ленинграддагы орто мектепти аяктагандан соь, Г. Н. Симаков ЛГУнун Чыгыш факультетине тапшырып, 1966-ж. түрколог-филолог кесибин алып чыгат. Өз учурунда таанымал түрколог А. Н. Кононовдун мектебинен билим алат. 1970-ж. Ленинграддагы Этнография институтуна илимий-агартуу бөлүмүнө жумушка кирет. МАЭде жумуш иштөө жаш окумуштууга этнография илими боюнча жаңылыктарды, өзгөчө музейдеги экспонаттар менен тааныш болууга, үйрөнүүгө шарт түзүп берген эле. Бир аз убакыттан соң, Орто Азия жана Казакстан секторуна которулат да, анын кийинки чыгармачылыгы, өмүрү Кыргызстандын жана кыргыздардын этнографиясы менен байланышта болуп калган. Ал жылдары Г. Н. Симаков иштеген секторду С. М. Абрамзон башкарчу жана ошол эле учурда жаш илимпоздун илимий устаты болуп калды. Ал илимде өтө жигердүү изилдөөчү, өз ишин өтө мыкты билген адис болуп кала берди. Анын экспедициялардан топтогон, МАЭге тапшырган табылгаларынын жалпы саны 500 ашат. 2000-ж. «Культ хищных птиц у народов Средней Азии и Казахстана: На примере соколиной охоты: Дис. ... д-ра ист. наук: 07.00.07 СПб., 2000» аттуу темада докторлук диссертациясын коргогон.

1. Общественные функции народных развлечений кыргызов в конце XIX - начале ХХ века. Л., 1984. 222 с. Опыт типологизации скотоводческого хозяйства у народов Средней Азии и Казахстана // Советская этнография. 1984. №3. С.60-81

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)