Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Шуран көмүр кендери

Шуран көмүр кендери Баткен облусунун Кадамжай районунда, Сох, Шаймерден сууларынын аралыгында. Мурун бул райондо бир эле Шуран кени белгилүү болгон. Өтүкчү жана Чоңташ кендери 1988–92-ж. издөө иштерин жүргүзгөндөн кийин табылган. Өтүкчү кени батышында Сох, Сары-Камыш сууларынын ортосунда жайгашкан. Шуран кени борбордук бөлүгүнөн орун алган. Чоңташ кени чыгыш жагында. Шуран кени 1910-жылдан белгилүү. Көмүр кабаттары юра катмарынын төмөнкү бөлүгү кожокелен свитасы менен байланышкан. Өтүкчү кенинде көмүрдүн 7 кабаты аныкталган. Алардын ичинен 2 кабат (О 1 жана О2) өнөр жайлык мааниге ээ. Негизги О2 кабатынын калыңдыгы 3,0 мден 28,64 мге чейин өзгөрөт. Шуран кенинде 3 кабат (Ш1, Ш2, Ш3) белгилүү. Негизги Ш2 кабатынын калыңдыгы 0,31 мден 11,37 мге чейин өзгөрөт. Чоңташ кенинде 2 кабат (Ч1, Ч2) аныкталган. Негизги Ч2 кабатынын калыңдыгы 0,60–8,77 м. Шуран тобунун көмүрлөрү 3Б маркасына таандык. Көмүрдүн күлдүүлүгү 19,89–24,67%ти түзөт. Болжол ресурстары (500 м тереңдикке чейин): Өтүкчү кениники – 15 млн т. Шуран кениники – 60 млн т, Чоңташ кениники – 11 млн т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)