Шопен Фридерик (1810-1849)

Ал Польшадан кетип жатты. Жылаңач дарактар узап бара жаткан чумбөттөмө чатырлуу арабага баш ийкешет, Шопен плащка ороно кымтынып алдыда шамалдын добушуна кулак түрөт. Шамал ага «Кош бол... Түбөлүккө кетип жатасың...» - деп шыбырагансыйт. Жок! Ал кайрылып келет, анын даңкы Польшанын даңкына айланат. Жөнөгүн - деп шаштырышты аны достору - сен өз жөндөмүңдү Венада, Берлинде жана Лондондо көрсөтүшүң керек. Баргын - деп кайра-кайра айтып жатты музыка мугалими Эльснер - дүйнөнү кыдыр, сен улуу музыкант болушуң керек. Шопен Венага келгенде Варшава көтөрүлүшү тууралуу кабарды угат. Анын атасы дагы жаш кезинде Польшанын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн, азыр Фридериктин жолдоштору баррикадаларда салгылашып жатышат.

Ал бир жагынан тынчы кетип, экинчи жагынан үмүттөнөт. Парижге бара жатып, көтөрүлүш жеңилип калганын угат. Ал бушайман боло көкүрөгүнө кек толот, кыжыры кайнайт, мына ушул катуу толгонуудан «Революциялык» деп аталган даңктуу доминор этюдун жазат. 1831-жылы сентябрда Шопен Парижге келет. Анын 21 жашка толгон кези эле. Ал ошол кезге чейин жараткан музыкасын кошо ала келген.

Ал алгачкы концерттеринен кийин белгилүү музыкант катары тааныла баштайт. Жаш болгону менен дүйнөгө даңкы чыккан венгр пианисти жана композитору Листти, атактуу немец акыны Гейнени - Шопенди угуу бактысына туш келгендин баарын анын музыкасы өзүнө тарткан. Шопендин данкы арта берди. Бирок жан багуу үчүн акча иштеп табуу керек эле. Мугалимдик менен күн көргөн карапайым атасынын тапкан каражатына мындан ары жашоону туура көрбөй, ал музыкадан сабак бере баштайт. Шопенден музыка үйрөнүү ак сөөк айымдар үчүн да чоң мактаныч болгон. Ал эми ден соолугу начар Шопенге күнүнө бир нече сабак берүү канчалык кыйынга турарын алар эч качан сезбес эле. Анын музыка жазууга колу тийбей, кээде гана, көбүн эсе окуучулары жайында эс алууга кеткенде музыка жазчу.

Ал оорулуу экендигин билгизбөөгө аракет кылчу. Эл арасында да ал өзүнүн сабырдуу, токтоолугунан, акылдуу жана шайыр мүнөзүнөн жазган эмес. Качан рояль ойноого отурганда гана ушул Париж ак сөөктөрүнөн канчалык алыс экендигин сезчү. Анын ою Польшада болоор эле: волынканын күүсү жаңырган кыштак турмушу, мазурка. Жанагы көрүнүш заматта өзгөрө түшөт да, суу боюна ийилген мажүрүм тал элестеп, тыптынч залда чагылгандын чартылдаган үнү угулат...Шопендин драматизм менен романтикалык толкунданууга толгон балладалары, скерцорлору, мазуркалары, сонаталары туулуп өскөн Польша жана анын жаратылышы, адамдары жөнүндө баяндайт. Ал дайым ата-энесин, бир туугандарын сагынат. Парижде жашаган поляк акыны Мицкевич, Франциянын белгилүү адамдары: сүрөтчү Делакруа жана жазуучу Бальзак менен дайыма жолугушуп, пикир алышуулары да анын эл-жерине болгон кусалыгын баса албайт.

Франциянын таланттуу жазуучусу Жорж Санд менен болгон достук карым-катнашы Шопенге бир топ дем берген. Ошол мезгилде ал өзүнүн жетилген, мыкты чыгармаларын жараткан. Бирок анын күч-кубаты кетип, абалы начарлай баштаган. Сабак берүү, музыка жаратуу ал үчүн барган сайын кыйындай берди. Ал концерт менен дээрлик чыкпай калды.

1848-жылы 16-февралда Парижде Шопендин эң акыркы концерти болот. Арадан бир нече күн өткөндөн кийин Францияда революция оту тутанат. Ал Европанын башка мамлекеттерин да кучагына алат. Шопен өзүнүн туулуп өскөн Польшасынын азаттык алган күнүн көрсөм деп үмүттөнөт. Бирок анын өмүрүнүн саналуу гана күндөрү калган эле. 1849-жылы октябрда Шопен дүйнөдөн кайткан. Композитор Париждеги Пер-Лашез көрүстөнүнө коюлган, ал эми анын жүрөгү өз мекенинде Варшавадагы Шопендин балалык чагы өткөн жерге жакын жайдагы ыйык Крест костёлунун дубалына коюлган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)