Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Шажара-ий насаб-наме-ий илатийа

«Шажара-ий насаб-наме-ий илатийа» («Көчмөн элеттиктердин санжырасы») –19-кылымга таандык кыргыз тилинде жазылган кол жазма. Узундугу 3,13 м, туурасы 10,5 см келген түрмөктөлгөн кагазга жазылган. Сейрек кездешүүчү табылга, кол жазманын бир жак бетинде курандын аяттары өтө кылдаттык менен жыш саймадай кооз түшүрүлгөн. Экинчи бетинде сарыбагыш уруусунун манаптарынын бири Байгазы баатыр Мусаке уулунун түпкү аталары төмөндөгүдөй тартипте берилген: «Ак уул бий, анын перзенти Тагай бий, анын перзенти Кылжыр бий, анын перзенти Дөөлөс бий, анын перзенти Сүтөй бий, анын перзенти Сарысеит бий, анын перзенти Үчүкө бий, анын перзенти Мааматкул бий, анын перзенти Болот бий, анын перзенти Эсенгул баатыр, анын перзенти Ниязбек бий, анын перзенти Субан баатыр, анын перзенти Мусаке баатыр, анын перзенти Байгазы баатыр». Санжырада Ак уулдан Долон бийге чейин 14 ата жана Долон бийден Шейх Мансурга чейин 10 атанын ысмы келтирилген. Кыргыздардын түпкү атасы катары көрсөтүлгөн Шейх Мансур суфизмдин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон. 897-жылы Шейх Мансур ал-Халлаж өзүнүн шакирттери менен Түркстан жерине келип, көчмөн урууларды ислам динине тарткан. Айрым кыргыз изилдөөчүлөрүнүн ырастаганына караганда, Шейх Мансур жөнүндөгү уламыштар ошол мезгилдеги Түркстан аймагын байырлаган көчмөн урууларда сакталып калган жана кийинчерээк кыргыздардын оозеки санжыраларына өткөн. Кол жазмадагы санжыраны жазууда бизге чейин жетпей калган кол жазма санжыралардагы маалыматтар пайдаланылган. Кыргыз элинин 19-кылымдагы жазма маданиятын, генеалогиясын, кыргыз коомундагы ислам дининин ордун жана тарыхын изилдөөдө аталган кол жазма өтө баалуу булак болуп саналат.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)