Шашпа

Эмнегедир, эмир Темирдин эч нерсени кыртышы сүйбөй санаасы бузулат. Көңүлүн көтөрүүнү ойлоп, ал жылдыз санаган астрологдорун, төлгөчүлөрүн бүт чакыртып, баарына бир гана суроо коёт: - Дагы канча жашаарым калды? - деген. Менменсиген мыкчегерлер четинен чыгып, жообун айта башташат, бирок «эми он жыл жашайсың» дегенди да, «жыйырма», же «отуз жыл» дегенди деле, айтор, ким канча айтпасын - баарынын башын Аксак Темир алдыра берет. Кайсы бирөө коркуп кетип, «дагы жүз жыл өмүр сүрөсүң» десе, анын башын да алдыртып салат. - Бири мага узак өмүрдү ыраа көрбөй аз өмүр каалады, бири жанын жеп, мага кошомат кылды. Мына ушундай кыйдылыктары үчүн мен булардын өмүрүн кыйдым! - дейт эмир исиркектенип. Аңгыча ал Апендини көрүп калат да: - Кана, Апенди, сен да бир учурда төлгөчүм болуп жүрдүң эле, айтып көрчү угайын, мен качан өлөм? - дейт карп-курпунан.

Апенди эмирдин тагына чукул барып, таазим кылат да: - Кечээ кечинде асманда жанган сенин жылдызың менен менин жылдызымдын тогошуп турган учурун байкаган элем, улугум, - дейт акырын. - И, эмне дейт а жылдыздар? - Сен мен өлгөндүн эртеси өлөт экенсиң. Демек, мен көп жашасам - көп жашайсың, аз жашасам - аз жашайсың. Ошондуктан менин башымды чаптырып салуунун сага эч кажети жок, шашпай коё тур, - дептир Апенди.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)