Шарттуу соттоо

Шарттуу соттоо – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш-жаза таасир этүү чараларынын бири. Эгер түзөтүү жумуштарына, аскердик кызматта чектөөгө, эркиндигин чектөөгө, аскердик тартипке салуу бөлүгүндө кармоого же эркиндигинен ажыратууга соттоо менен, сот соттолгондун оңолуусу жазаны өтөөсүз эле мүмкүн деген жыйынтыкка келсе, ал аны шарттуу деп эсептөөгө токтом чыгарат. Ш. с-ну дайындоо сот шарттуу соттолгондун өзүнүн үлгүлүү жүрүм-туруму менен оңолгонун далилдөөчү сыноо мөөнөтүн белгилейт. Сыноо мөөнөтү 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Ш. с. өзгөчө оор кылмыш жасагандарга, ошондой эле КРде убактылуу жашап жатышкан четөлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга карата колдонулбайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)