Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шаршен Термечиков (1896-1942)

Баш барак | Биографиялар | Шаршен Термечиков (1896-1942)

Шаршен Термечиков (1896-1942)Чүй өрөөнүндөгү Сокулук районундагы Токбай айылында кыргыздын келечектеги эл куудулу "Шаршен Термечиков" жарыкка келген. Бала чагы кедейлик турмушта өтөт. Байлардын колунда көрүнгөн жумушта иштеп, эптеп жанын баккан.

Өзү кедей болгону менен Шаршенде баа жеткис байлыгы бар эле. Ал байлыгы куудулдугу. Жүргөн жеринде көңүлү чөккөн, бүркөө кабак, муңдуу адам болчу эмес экен. Шаршендин ар бир сөзү адамды күлдүргөн, ар бир кыймылы жылмайткан, ар жоругун көргөн адамга бир күндүк майрам болчу экен.

"Шаршен" келсе бүркөлгөн кабак ачылып, ачкан курсак шаттыкка тоюнуп, күлкү-оюн жаңырган экен. Шаршендин куудулдугу элге кеңири тарап, 1931-жылы ал кыргыз драма театрына артист болуп кабыл алынат. Ал 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүнө да катышат. Эл шайыры өзүнүн өнөрүн жашоо-жосундарды, эски адаттарды сындоого, курч, күйдүргү сатирасы, күлкүсү менен ашкерелоого жумшайт.

Ошол терс кылык-жорук, көрүнүштөрдү өз башынан өткөргөн окуя, өз кемчилиги катары айтып берип элди күлдүргөн. Анын «Бала сооротуу», «Күйөө жолдош», «Аксак молдонун намаз окуганы», «Ат тергөө» жана башка көптөгөн оозеки аңгемелери жалпы журтка белгилүү.

Аңгеме курганда ал баёо, маңыроо чалыш кебетеде туруп, апыртып, табышмактатып сүйлөгөн. "Шаршен" көбүнчө кемпирлердин кошок кошконун туураган. Буга «Энемдин кошогу» аңгемеси мисал боло алат. Шаршен Термечиковдун ырлары да бар. «Сыртынан кайырма, ичинен кайырма», «Кантың бар» деген ырларына өзү обон чыгарган.

Бул ырлар азыр да эл арасынла кеңири ырдалып келет. Кыргыздын эл куудулу Шаршен Термечиковдун таланты, эмгеги жогору бааланып, ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген наам берилген. Шаршендин өмүр-чыгармачылык жолунун негизинде Ж. Садыков «Күйөө жолдош» деген пьеса жазган.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1446, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу