Шарипова Салима (Санам Шарифи)

Шарипова Салима (Санам Шарифи) - акын, жазуучу. Базар-Коргон районунун Кызыл-Суу айылында 1950-жылы 25-августта туулган. Атасынын кызматына байланыштуу Ош, Гүлчө, Куршабдагы мектептерде окуп, 10-классты Өзгөн шаарындагы орус мектебин күмүш медалы менен бүтүргөн.

1967-жылы Москвадагы эт жана сүт өнөр жай технология институтуна кирип, студент кезинде коомдук иштерге активдүү катышып, Эл аралык конференцияда 1-даражадагы дипломго ээ болгон.

1973-жылы технологиялык институтту бүтүрүп, Москва облустук сүт өнөр жай бирикмесинде инженер-технолог, 1974-жылы Ош шаарына келип, комсомолдук кызматта, облустук Аткаруу комитетинде иштеген. 1976–1990-жж. Жалал-Абад шаарында өндүрүш башчысы, директордун орун басары, 1991–1998-жж. Түштүк Кыргызстан окуу-илимий борборунда «Экономикалык социология» лабораториясында илимий кызматкер болуп иштеп, сынактын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы маалымат борборунун Түштүк бөлүмүнүн башчысы, кийин Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинде иштеген. 1999-жылы «Өмүр баян-биография», «Таазим» аттуу коомдук фонд жана ассоциациясын уюштуруп, «Ош» альманахынын башкы редактору болгон жана «Умай эне» республикалык руханий жаңылануу саясий партиясын жетектеген.

Анын адабий чыгармачылык жолу 1983-жылы «Как быть» аттуу алгачкы аңгемеси «Комсомолец Киргизии» гезитине жарыялангандан улам башталган. Кийин аңгемелери, публицистикалык макалалары облустук, республикалык гезиттерде жана мур-дагы СССРдин башка гезиттеринде жарыяланып келген. Ал кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жазат.

1984-жылы ВЦСПСтин Ардак грамотасы менен сыйланып, 1999-жылы 24-мартта Тажик Республикасынын «Тең укуктуулук үчүн» эл аралык сыйлыгына татыктуу болгон жана Жазуучулар союзуна кабыл алынган.

2003-жылдан Москвадагы Жазуучулар союздарынын эл аралык кеңешмесинин мүчөсү болгон.

2008-жылы 19-майда "На том берегу Пянджа" аттуу китеби үчүн Россиянын жана Тажикстан МЧСинин "За мужество" медалын алган.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жаңы толкун: Ырлар. – Ош, 1992. – 32 б.

Жесир: Аңгемелер. – Ош, 1993. – 32 б.

Жаандан кийин: Ырлар. – Б., 1996. – 54 б.

Аялдардын сырдашуусу: Повесть. – Ош., 2004. - 75 б.

Разговор об Алыкуле и о людях науки: – Ош, 1991. – 70 с.

Жертва: Повесть, рассказы, стихи. – Жалал-Абад, 1993. – 136 с.

А женщины любят рыцарей...: Монолог. – Б., 1996. – 32 с.

Ностальгия по любви: Стихи, рассказы, очерки. – Б., 1996. – 224 с.

Белые лебеди в черный день: Художественно-публицистическое эссе. – Б., 1996. – 176 с.

Первая и единственная: Публицистический очерк. – Ош, 1999. – 16 с.

Долгий путь к любви: – Душанбе, 1999. – 144 с.

На берегах любви: – Душанбе, 1999. – 108 с.

На том берегу Пюнджа...: Повести. – Ош, 2007. - 185 б.

Ок тонглар, опок тонглар...: Аңгемелер жана ырлар. – Худжанд, 1999. – 88 б. – өзб.

Таджикстан – любовь моя: Публицистические очерки. – Душанбе, 1999. – таж.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)