Шарият

Шарият (ар. шариа – максатка туура жол) – курандын ж-а сунналардын (үрп-адаттардын) негизинде иштелип чыккан диний-этикалык ж-а укук эрежелеринин жыйындысы. Ш. Ⅶ–Ⅻ к-рда Араб халифатында түзүлгөн. Ал мусулмандардын негизги диний укуктарынан тышкары мамл-тин граждандык, кылмыш процессинин укуктар нормасын камтыйт. Ш. ислам мамл-нде – динди туу туткан өлкөлөрдө өзгөчө үй-бүлө, нике ж-а мурас укугу жагдайында колдонулат. Ш. – Орто Азияда, Казакстан ж-а Кавказда араб баскынчылары тарабынан ислам дининин таратылышынын натыйжасында пайда болгон. Ш-тын булактары – 1. Куран, 2.Сүннөт, 3. Кыяс, 4. Иджима эсептелинет. Бул булактар диний ж-а динге негизделбеген мыйзамдардын жыйындысын камтыйт. Ш.-ттын негизинде укук м-н дин бир түшүнүктө каралат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)