Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Шаңкөл өрөөнү

Шаңкөл өрөөнү - Кичи Алай кырка тоосунан түндүктө, Бел-Алма тоосунун ортоң кубөлүгүндө меридиан багытында жайгашкан. Бел-алманын этектери жана Ноокат түздүгү менен чектешет. Узундугу 30 км, туу расы 2–10 км. Орточо бийиктиги 1400 м, эң бийик жери 2600 м. Өрөөн тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Түштүк капталы тик, жалама аскалуу, батыш жана чыгыш капталдары өтө тилмеленген. Түндүгү кууш, чыгышы жайык келип, байыркы мореналар, тепшисымал ойдуңдар, чуңкурлар, корум таштар басымдуу кылат. Июлдун орточо температурасы 20-24 °С, январдыкы —7—1 0 °С, жылдык жаан - чачыны 300 – 500 мм. Кургак талаа (1300–1400м), талаа (1 400–18 00 м), арчалуу токой (1800– 2000 м), шалбаа (2600 метрден жогору) ландшафттары мүнөздүү .

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)