Шамалды Тал-Сай брекчия кени

Шамалды Тал-Сай брекчия кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, кеңеш кыштагынан 5–6 км түндүк-батышта, Шамалдыталсай өрөөнүндө. 1965-жылдан белгилүү. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу брекчия кооз ташы кочкул жашыл түстөгү, майдаланып талкаланган серпентиниттин арасында жайгашып, ошол серпентиниттин чоң-чоң сыныктарынын кварц-карбонат менен камдашуусунан пайда болгон. Брекчия жайгашкан аянттын узундугу 200 м, эни 50 м. Брекчия тыгыз, оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Жылмаланган бети күзгүдөй жалтырап, андагы кара жана жашыл серпентиниттин чоң-чоң сыныктары, алардын арасындагы кызыл жана саргыч кызыл бөлүкчөлөр өзүнчө кооздукту түзүп турат. Имараттын дубалдарын кооздоп каптоого жана көркөм кооз буюмдарды жасоого жарактуу. Болжол запасы 200 миң м3.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)