Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Шалфей, дары формалары жана эритмелер

Шалфей — эгилме өсүмдүк. Жалбырагы дары сырьёсу катары керектелип, гүлдөө алдында чогултулат. Жогорку дем алуу жолдору менен ооздун былжыр челинин сезгенүүлөрүн дарылоо жана дезинфекциялоо үчүн чайкоочу препарат алынат. Дары формалары — дары заттар дын колдонууга ыңгайлуу формалары. Алар аптекада же химиялык — фармацевтикалык заводдордо жасалат. Д. ф. суюк, жумшак жана катуу болуп бөлүнөт. Бир эле дары заты түрдүү Д. ф-нда жасалышы мүмкүн.

Суюк Д. ф-на эритмелер, маңыздар, тундурмалар, былжырлар, эмульсиялар, суспензиялар, микстуралар кирет. Эритмелер — катуу же суюк заттар ар кандай эриткичтерде эритилгенден пайда болгон суюктуктар. Көп учурда эриткич катары дистилляцияланган суу, кээде этил спирти, глицерин, суюк майлар (зайтун, күн карама жана башка майлары) колдонулат. Эритмелер тунук болот. Алар ичүүгө, инъекция түрүндө, чайкоого, тамчылатканга (көзгө, мурунга) жана башка колдонулат. Ичүүгө колдонулуучу эритмелер аш же чай кашык менен өлчөнөт. Уулуу же күчтүү заттардан жасалган эритмелер тамчы менен өлчөнөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)