Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Шакек, апенди жана көпөс

Апендинин бир көпөс курбусу алыскы өлкөгө жол жүрмөк болуп, кетер алдында Апендиникине келет да, Апендинин колундагы шакекке көзү түшүп, аны эптеп алдап алуунун амалын издейт. - Апенди! - деп баштайт сөзүн көпөс. — Өзүң менен көп жүрдүм, далай-далай жакшы сөздөрүңдү уктум. Эми минтип ыраак жакка кетип баратам. Шакегиңди мага бер, көргөн сайын сени унутпай эстеп жүрөйүн. Апендинин көзгө басаар түзүк буюму эле - ушу шакек болчу, аны кыйбай мындайча жооп кайтарат: - Мен да сени унуткум келбейт, ошондуктан шакекти сага берип койгонум болбос. Себеп дегенде, шакекти көргөн сайын, «баягыда досум сураганынан бербей койдум эле» деп, өзүңдү эстей жүргөнүм жакшы.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)