Шайлоо жүрүмү

Шайлоо жүрүмү – шайлоо тутумунун негизги белгилеринин бири. Ш. ж. төмөнкүлөрдү камтыйт: а) шайлоону дайындоо (адатта, ал мамлекет башчысынын же мыйзам чыгаруу органынын милдетине кирет), б) шайлоочуларды мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүү, в) өкүлчүлүк принциби боюнча түзүлүүчү (аймактык, улуттук, өндүрүштүк ж. б.) шайлоо округдарын, райондорун ж. б. у. с. уюштуруу, ошондой эле добуш берүү үчүн шайлоо участоктору менен атайын жайлар да түзүлөт, г) талапкерлерди көрсөтүү (адатта, ал саясий партиялар, шайлоо шериктери, айрым учурда шайлоочулардын, эмгек жамааттарынын ж. б. чогулуштары тарабынан жүргүзүлөт), д) добуш берүүнү өткөрүү (бир же 2 айлампа аркылуу), е) жергиликтүү жана борбордук шайлоо органдары тарабынан жүргүзүлө турган берилген добушту саноо жана депутаттык мандатты бөлүштүрүү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)