Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шахта

Шахтадан ташкөмүр, сланец, баалуу металл алына турган руда жана башка пайдалуу кендер казылып алынат. Шахтанын зор кудук сымал тик казылган стволу жердин терең катмарына кетет. Ошол ствол аркылуу өйдө-төмөн жылып турган атайын көтөргүч - клеть менен казылган көмүр сыртка чыгарылат. Ствол менен түтүктөр жана электр өткөргүчтөрү жүргүзүлүп, ал аркылуу шахтага таза аба жиберилип турат. Адамдар да шахтага ошол ствол менен түшөт. Биз да шахтёрлор менен бирге көтөргүч клетке түшөлү. Клеть төмөн карай тездик менен жылып жөнөйт. Мына, жер астындагы шаарга да жеттик. Жап-жарык аянтка туш келдик. Андан жер алдындагы көчө - рельс төшөлүп, бетондолгон узун тоннель башталат.

Тоннелден туш тарапка тарам-тарам болуп жаңы коридор-жолдор - штректер кеткен. Штректер менен шахта стволуна карай, өзү жүрүүчү вагончолор көмүр жүктөп кетип баратат. Алар таш көмүрдү кайдан жүктөп келе жатат? Эгерде силер штрех менен барсаңар забойго туш болосуңар. Көмүр дал ушул жерден казылып алынат. Шахта стволу жана анын тегерегиндеги курулмалар, жер астындагы галереялар жана штректер, шахтадагы вагончолор, электр кабелдери жана түтүктөр забойдун иштеши үчүн курулган. Забойдо жапыз келген, узун машина күрүлдөп иштеп жатат.

Бул - көмүр казуучу комбайн. Ал бир эле мезгилде бир нече жумушту аткарат. Комбайндын асты жагында велосипеддикине окшогон чынжыр орнотулган, айырмасы анын чоң жана курч тиштери бар. Ал көмүр катмарын тиштери менен кемирип түшүрө берет. Чоң-чоң кесек көмүрлөрдү тиштүү дискалар талкалайт. Ал эми комбайндын артынан көмүр жүктөгүч жылып келет. Ал көмүрдү ташыгыч-конвейердин тасмасына жүктөйт.

Комбайн улам жылып, көмүр катмарына тереңдеп кире берет. Көмүр үзгүлтүксүз аккан дарыядай вагончолорго куюлат. Алар көмүрдү шахтанын стволун көздөй ташышат, андан көмүр жогору көтөрүлөт. Көмүр казуучу бул комбайндан да мыкты эмне болушу мүмкүн? Көрсө, көмүрдү суу менен казып алуу мындан да ыңгайлуу экен! Забойго гидромонитор орнотулат. Ал кичинекей замбирекке окшош, бирок бул суу замбиреги. Гидромонитордун чоргосунан атырылып чыккан суу агымынын күчү ушунчалык зор болуп, ал болот ломду да кесип кетет. Ал көмүр катмарын талкалап, ал эми суунун агымы забойдон көмүрдү агызып чыгат.

Эгерде көмүр кени жер бетине жакын жатса, анда ачык карьер түзүлүп, казылып алынат. Карьер - бул ачык асман астындагы забой. Адегенде көмүр катмарын жаап турган топурак, кум, таштар жардырылып, тазаланат. Андан кийин карьерге кубаттуу экскаваторлор түшүрүлөт, алар ачылган көмүрдү сузуп алып машиналарга же түз эле темир жол вагондоруна жүктөшөт. Шахта курууга караганда карьерди жабдуу арзан. Карьерде иштөө адамдар үчүн да жеңилирээк. Бул жерде иштеген ар бир адам шахтада иштеген адамга караганда 3-4 эсе көбүрөөк көмүр казып алат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 999, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо