Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Шаакерим Кудайберди уулу

Шаакерим Қудайберди уулу (1858, Семей уезди, Чыңгызтоо – 1931, ошол эле жер) – казак адабиятчысы, акыны жана тарыхчысы.

Шаакерим Қудайберди уулу (1858, Семей уезди, Чыңгызтоо – 1931, ошол эле жер) – айтылуу Кунанбайдын небереси болгон.

Акын Абай анын атасынын иниси болгон.

Шаакерим жашынан билимге дилгир болуп, араб, түрк, парсы орус тилдерин үйрөнүп, бул тилдерден айрым чыгармаларды казак тилине которгон.

1905–06-ж. ажылыкка бара жатып, Стамбулда чыгыш ойчулдарынын мурасы менен таанышкан.

1911-ж. Оренбург шаарында «Түрк, кыргыз, казак жана хандардын санжырасы» тарыхый эмгегин жарыялап, анда кээ бир кыргыз урууларынын ар кыл себептер менен казактардан чыкканы жөнүндө жана кыргыздардын казактарга кошулганы жөнүндө маалымат берген.

Жалаа менен 1930-жылдын башында камалып, кайра бошотулган. 1958-ж. акталган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)