Сезгичтик

Сезгичтик — тирүү организмдин сырткы жана ички чөйрөнүн таасирине жооп берүү жөндөмдүүлүгү. Киши түрдүү дүүлүктүрүүлөрдү же ички жана сырткы чөйрөнүн өзгөрүүлөрүн рецептор аркылуу кабыл алат. Рецепторлор териде жана былжыр челде (үстүңкү), булчуң жана тарамыштарда (терең) жана ички органдарда жайгашат. Теридеги рецепторлор бир нерсенин тийгенин, басканын, температуранын өзгөрүшүн, ооруну сезет. Ички органдардын рецепторлору организмдин ички чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү, ал эми булчуң-муун рецепторлору дене бөлүктөрүнүн мейкиндиктеги абалынын өзгөрүүсүн кабыл алат. Рецепторлордо дүүлүктүрүүлөргө жооп катары нерв импульсу пайда болуп, мээге берилет да, тийиштүү сезим (оору, температуралык, басым жана башкалар) пайда болот. Рецепторлордун түзүлүшү эң жөнөкөй нерв учтарынан баштап, татаал адистештирилген клеткага чейин өтө ар түрдүү. Рецепторлордун козгогучтугу алардын абалына, ошондой эле борбордук нерв системасына жараша болот. Дүүлүктүрүү канчалык күчтүү жана узак болсо, ошончо тез сезилет. Рецепторлордун бардыгынын жалпы касиети — адаптация, башкача айтканда дүүлүктүргүчтүн күчүнө көнүгүүсү (ыңгайлануу).

Мында дайыма (туруктуу) таасир эткен дүүлүктүргүчкө С. төмөндөп, көнүп калат. Мисалы, жытка, ызы - чууга, жарыкка жана башкалар С-тин бузулушу (төмөндөшү же өтө сезгич) же такыр сезбей калуу түрдүү ооруларда кездешет. Ал рецепторлордун, нерв жолдорунун, мээнин борборлорунун жабыркашынан болот. Өтө Сте акырын эле тийип койсо катуу ооругандай сезилет. Ооруну сезбей калуу негизги бузулуу болуп эсептелет. Ооруу — бул зыяндуу дүүлүктүргүчтүн сигналы. Аны сезбеген киши ага көңүл бурбай, коркунучтуу оорудан өз убагында дарыланбайт. Ооруну сезбеген киши температураны да сезбейт, алар бир жерин күйгүзүй алса аны сезбейт.

Адам кадимкидей кыймылдоо үчүн булчуң-муун рецепторлорунун С-тиги өтө маанилүү. Бул С-тин жоголушунда кыймыл так болбой, координация бузулат. Андай кишилер жакшы баса албайт, жазуу, кашык менен тамак ичүү кыйын, аларга көзүн жуумп кыймылдоо өтө оор. Дени соо кишилерде ички органдардан келген импульстар сезилбейт. Бирок эгер жүрөк, ичеги-карын, бөйрөк жана башкалар органдын иши бузулса, бул импульстар мээге коркунучтун сигналын берет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)