Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Семетейдин Таласка келиши

Баш барак | Адабият | Семетейдин Таласка келиши

Семетейдин Таласка келиши — ошентип, Каныкейден эл-жеринин дарегин уккандан кийин, Семетей Таласка жөнөйт (Каныкейдин жомогу). Адыр-адыр тоо, боз будурмак бел ашып, ээн талаа, эрме чөл басып, нечен дайра суу кечип, жүрүп отурат.

Мунарыктуу чоң белести ашса, Таластын ичи көрүнөт, чыдай албай жетимдин көзүнөн жашы төгүлөт.

Семетейдин Таласка келиши (Үзүндү)
Ажалым жетсе өлөм деп,
Атам өткөн Манаска.
Куран окуп келем деп.
Астыдагы мингени,
Темиркандын тулпары,
Колундагы алганы,
Ысмайылдын болоту.
Касаба колдо калкылдап,
Манастан калган жетимиң,
Баатыр Таласка жүрдү жаркылдап.
Букардан чыгып жол тартып,
Бурулбастан бек басып,
Бозоргон мунар бел ашып,
Боруму сонун жер басып.
Айныбай бала жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Кең Букардын зор Ак-Чий,
Мыктуу тулпар атчанга,
Эрикпей жүргөн бендеге,
Алты күндүк жол экен.

Мунара Ак-Чий дээр экен.
Ал Ак-Чийди басты эле,
Оркойгон тоонун тумшугун,
Жетимиң оодарылып ашты эле.
Атадан калган жерине,
Кетип барат Семетей,
Баякы аргын, кыргыз элине.
Астындагы Актулпар,
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң тетири теминип,
Бет алып жетим жол жүрүп,
Күн кылкылдап батарда,
Күлешендин Гүл-Токой
Гүл-Токойго жолукту.
Ат аябай мол жүрүп,
Аянбастан жол жүрүп,
Адырмак ала жер басып,
Боз будурмак белди ашып,
Самсаалаган тоо басып,
Салынган эчен коо басып,
Жээк менен сыдырып,
Боз мунарык керүүнүн,
Боо менен кыдырып,
Сыр-Дайра кечип жол тартып,
Ашуу, ашып, таш басып,
Акылы алек баланын,
Ашып-шашып жол тартып.

Бөөт-бөөт бел көрүп,
Бөксөлүү эчен жер көрүп,
Ичке-Талдап сыдырып,
Чыйырчык, салар эки суу,
Бою менен кыдырып,
Актулпарды чалдырбай,
Жатып уйку кандырбай,
Эски Ташкент, Чалдыбар,
Эңкейип жетим ашты эле,
Казы-Курттун чоң талаа,
Түз кара чөл, үйгөн кум,
Чымчып жээр чөбү жок,
Чык этип коёр суусу жок.
Ээн талаа күйгөн кум,
Эрикпей жетим басты эле.
Энекем жаткан,
Кайыпчынын Кара-Үңкүр,
Кара-Үңкүргө тартты эле.
Актулпарды чалдырып,
Кайыпчынын үңкүргө,
Жатып уйку кандырып.
Ат бороюн сыдырып,
Энеси келген жол менен,
Эрикбей жетим кыдырып.

Талас көздөй жол жүрүп,
Талыгыш жок мол жүрүп,
Ээр белдей белестин,
Эченин катар ашты эле,
Эчен дөбө, эчен сай,
Эрикбестен басты эле.
Жээк жолдоп сыдырып,
Олуя-Ата, кош Мерки,
Бою менен кыдырып,
Олуя-Ата келгенде,
Күн батышты караса,
Кара-Балта, Сокулук,
Карарып жону көрүнүп.
Көрбөй калса жетимдин,
Көңүлү жаман бөлүнүп,
Оң кол жагын караса,
Мунарыктуу чоң белес,
Өзөнчө кайкаң көрүнөт.
Жорго деген бел ошол,
Жоргонун белин ашты эле,
Ары жагы Кең-Кол, чоң Талас,
Эңкейип көрсө көк чалкак,
Таластын ичи көрүнөт.
Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас,
Жер соорусу турбайбы,
Муну жердеген адам тунбайбы?!
Адыр-адыр бел экен,
Бөлүнгөн эчен төр экен.

Бөлөкчө бейиш жер экен!
Адырдан аркар куюлуп,
Адырдын чөбү суюлуп.
Будурдан бугу куюлуп,
Будурдун чөбү суюлуп.
Тектирден теке камалып,
Текенин жүнү сабалып,
Керүүдөн кийик токтотуп,
Текеси жүздөн топтошуп,
Жаткан экен кең Талас!
Тоолорунда улары,
Токоюнда чынары,
Оролуп чөптөн жүрө албайт.
Бугу, марал, улары.
Адыр-адыр бөлүнөт,
Алыстан караан көрүнөт.
Эски жүнү булайып,
Кош кулагы чунайып.
Улуп чыкты Кумайык.
Бөксө менен бөгүлүп,
Бөгүп келди Кумайык.
Үч-Кошойду жээктеп,
Үрүп жүргөн кези экен,
«Семетейим келет» деп,
Билип жүргөн кези экен.

Кумайыкты кучактап:
Айланайын Кумайык,
Каракандын шаарына,
Кара кылар тууган жок,
Качып кеткен - мен байкуш,
Кан Манастан айрылып,
Кашкулак издеп талаадан,
Каңгырап калган - сен байкуш.
Атамдан калган — мен карып.
Деп ошентип Семетей,
Кумайыкты жетелеп,
Барар жагын төтөлөп,
Барбайып карап турганда.
Кула чолок кайып бээ,
Келе калды жанына.
Энеси Каныш айткандай,
Ай туяк чалып жолуна.
Кумайыкты тойгузду,
Кула бээнин канына.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 21714, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-04
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу