Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Семетейдин Букардан Таласка келиши

Семетейдин Букардан Таласка келиши. Энеси Каныкейдин баянын угуп, эл-жеринен толук кабардар болгон Семетей чоң энеси Чыйырдынын ак батасын алып жолго чыкты. Астындагы мингени Темиркандын тулпары, Колунда Ысмайылдын болоту. Семетей ат аябай жол жүрүп, алты күндө Ак-Чийге жетип, дагы кыйла жол жүрүп Күлешендин Гүл-Токоюна токтоп, бир кезде энеси Букарга келе жатып түнөп өткөн касиеттүү чынарга атын аса байлап, тыныгуу алды. Андан чыгып Аман-Жол ылдый жол жүрүп, адырмак ала жер барып, боз будурмак белди ашып, самсаалаган тоо басып, салынган нечен коо басып, Сыр-Дайраны кечип өттү. Ашуу ашып, таш басып, ашып-шашып жол басып, Ичке-Талды сыдырып, Чыйырчык, Салар эки суу бою менен кыдырып, Актулпарды чалдырбай, жатып уйку кандырбай эски Ташкен, Чалдыбарды артка калтырды. Түз кара чөл, үйгөн кум, чымчып жээр чөбү жок, ээн талаа, күйгөн кум Казы-Куртту басып өткөндөн кийин Кайыпчынын Кара-үңкүрүнө жетип, атын чөп чалдырып, өзү жатып эс алды. Олуя-Ата, кош Меркиден өткөндө оң кол жагын караса мунарыктуу чоң белес, өзөнчө кайкаң көрүнөт, ал Жоргонун бели экен, аны ашканда Таластын ичи көз алдыга тартылды:

Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас

Жер соорусу турбайбы.

Момуну жердеген киши тунбайбы.

Бөөт-бөөт бел келет,

Бөтөнчө жыргал жер келет,

Бөлүнгөн нечен төр келет,

Бөлөкчө бейиш жер келет.

Кең Таластын чоң өзөн,

Жаткан экен жайкалып,

Өзөнү чалкак кайкайып.

Адырдан аркар куюлуп,

Адырдын чөбү суюлуп (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 214). Семетей үч-Кошойго келгенде, аны он эки жылдан бери күтүп жүргөн Кумайык айбан да болсо жаныбар көзүнүн жашын куюлтуп астынан тосуп чыкты. Кумайыкты көргөндө атасы Манасты көргөндөй Семетей да ыйлап көрүштү. Ал экөө ээрчишип жолго чыгышканда алдыларынан кула чолок кайып бээ кезикти. Карыш казысы бар ал бээни союп, мен келгиче жеп жаткын деп Кумайыкка таштады да өзү Кең-Колго келди. Анын быйыл келерин билген Манастын Акшумкары күтүп жүрүптүр.

Ал Манастын баласына баламды энчилеп берем деп кышында жумурткасын тууп, тоңдурма салдырып коюптур, күн жылымдаганда отуз алты күн жумурткасын басып, балапанын чыгарыптыр. Акшумкар ал балапан шумкарын Семетейге тапшырды, Семетей кайыбынан көктөн түшкөн көк борукту союп, ырым кылып бутун майлады да жолун улап Талас дайрасына кез келди. Таластын суусу ташыптыр, тал башынан ашыптыр, төө өркөчтөнүп төгүлүп, төмөн жагын караса төрт дайрадай көрүнүп, карагай кулап сал агып, жардын боору туурулуп, жаш балаты карагай түбү менен жулунуп, жарга барып урунуп, байкап турган пенденин заманасы куурулуп турган кези экен. Семетей Таласка аттанарда акыл айтып турган Каныкей кирген сууга туш келсең, кечүү издебей туура киргин деген эле. Агын суу эмес, ажалдан кайра тартпаган атасы Манасты тарткан Семетей ташыган дайрага тартынбай кирди. Аны Манастын өзү жана анын кара чаар кабылан баштаган колдоочулары, Алмамбет, Сыргак, Бакай, Ажыбай жана башкалар кырк чоросу колдоп суудан аман кечирип чыгышты. Кең Ак-Чийге келген Семетей Манастын күмбөзүн көрдү, алтын жаак айбалтаны ач бөйрөккө таянып өкүрүп түштү. Коңурбай баш болгон кытай-калмак кандары менен Манастын кармашы тартылган күмбөздөгү сүрөттөрдү көрүп таң калып, Каныкейдин чеберчилигине, сарамжалдуулугуна ыраазы болду, а дүйнө кеткен шерлердин арбагына атап куран окуп, андан ары жол жүрүп, Беш-Таштын башы Бек-Жайлоого туш келди. Бакай он эки жылдан бери багып жүргөн Манастын төөлөрү жети жүз болуптур. Желмаян, Бозбуура баш болуп чуркап келип, Семетейди курчап калышты. Токсон беш асый Желмаян Семетейди жыттап учурашып, Манастын күмбөзүн карай качып жөнөдү. Манастын күмбөзүнө келип, курмандыкка чалса деп, кутпа жакты баштанып чөгүп берген аны «жаның алда таалага, сообуң атам Манаска», — деп курмандыкка чалып, башындагы ноктосун энем Каныкейге белек алып барайын деп шыпырып алды. Ошондо Желмаян караса көзгө илинбей, кайда экени билинбей кайып болду. Ошол күндөн ушул күн өркөчүнө жылаңач бала мингизген, жалпак өркөч кара нар жума сайын Манастын күмбөзүнө келип кетет дейт. Аңгыча төөлөрдү издеп келе жаткан бир адам көрүндү. Энеси Каныкей сүрөттөп айтканы боюнча анын Бакай экенин болжогон Семетей сынамак болуп, өзүнүн ким экендигин жашырып, сыр билгизбей салам айтты. Алик алган Бакай анын тегин сурады. Семетей өзүн Чамбыл-Белди жердеген Жанаалы, Карачтын уулумун деп тааныштырып, «Манасың тирүү кезинде менин элимди чаап, эжем Көрпаянды калыңсыз зордуктап тартып алыпсың, эми калыңына Көкчолок атыңды бер», — деди. Ага Бакай: — «Ал айтканың чын, талап кылсаң, Көкчолок атымды карыган эжеңдин калыңына берейин. Менин Желмаяным жоголду, көрсөң айт, сүйүнчүңдү берейин» — деди. «Чалым кекээр менен сүйлөйсүң" — деп шылтоолоп, Семетей сынамакка тап койду. Ошондо Бакай карысам да сенчелик алым бар деп, кырда турган кайыңды түбү менен сууруп алып чокмор кылып Семетейди качырды. Анын шаштысы кетип: — «Жезде, мен Букардан сиз менен саламдашканы келгенмин», — деп жай сөз менен ачуусун басты. Бакай андан: «Букардан чыксаң Семетейдин жайын уктуңбу?» — деп сурады. Ал, Семетей көз тийип каза болду — деди. Эт бышым эси оогон Бакай өзүнө канжар уруп өлмөк болду. Аны токтоткон Семетей: — «Манасың кимге окшош эле? — деп сураганда, Манаска окшоштуруп аны тааныды. Экөө кучакташып ыйлашып, узакка көрүштү.

Бакай Семетейди Каныкей Манастын сөөгүн душманга билгизбес үчүн жашырын койгон Эчкиликтин кара зоосуна ээрчитип жөнөдү. Алар Манастын кабырынын оозуна өзү келген бозбуураны курмандыкка чалышты. Семетей көтөрө албай койгон үңкүрдүн оозундагы ташты Бакай быякка алып койду да, менин кирүүгө жолум жок деп Семетейди киргизди. Ал Каныкей асем менен койгон Манастын сөөгүн көрүп кайра чыкты. Бакай үңкүрдүн оозун бекиткенде анын турган жери караса көзгө илинбей, кайда экени билинбей калды. Манаска усталыгы менен жагып, анын ашы бирге жоролош, кою бирге короолош чоролорунун бири болгон Бөлөкбай, өзүнүн кырк мүңкүрү менен Манастын казынасын да сактап келген. Алты арам Манас өлгөндө анын ордосун чаап, казынасын талаганда Бөлөкбай кырк мүңкүрү менен аларга каршы салгылашып, бирок аздык кылышып, күчтөрү жетишпегенде, качып чыгышып, чоң зоого жашынышып, күн көрүшөт. Ошол Бөлөкбай Семетейдин Таласка келгенин түшүндө көрүп, кырк мүңкүрү менен анын жолун тосуп чыгып, боз боругун курмандыкка чалат. Абыке, Көбөш жара чаап, талаага таштап кетишкен Манастын жез казанын оңдоп, төлгө кылып ага боз боруктун этин салды. Казан Манастын тирүү кезиндегидей толуп ташып кайнап, берекеси жайнады. Мындан Семетей атасынын ордун толук ээлеп, береке-байлык кайрадан басарын билишти. Бакай Семетейди Жакыптыкына ээрчитип баратып: — «Мен чоң атаңдын сага болгон пейлин билейин», — деп аны калтырып, өзү жөнөп кетти. Бакай салам айтып кирсе, Жакып алик албай, жок шылтоолор менен күнөөлөп, өлтүрөм деп опурулду. Семетей келип теңдиги колго тийген Бакай эми ага баштагыдай кор болбосун айтты. Амалдуу Жакып дароо өзгөрүлүп, Семетейдин келгенине кубанган киши болуп аны тез алып келе көр деди. Бакай анын жоо же эл экенин ажырата албай аң-таң калды. Анын кимдигин дагы бир жолу сынап көрмөкчү болуп, аныкынан бастырып кетип калган киши болуп, кайра айланып боз үйүнүн капшытынан тыңшаса, Жакып Бакдөөлөткө кайрылып: — «Семетей келиптир, менин балдарымды соо койбойт, кемелине келтирбей жайлайын, ага уу чыла, Бакайга бал чыла» деди. Бакдөөлөт кантип өз балаңа жамандык кыласың деп каршы болду эле аны токмок менен башка салып айтканына көндүрдү. Бакай Семетейге болгон окуяны айтып барды. Экөө Жакыптыкына келишкенде ал Семетейди калп ыйламыш болуп тосуп алды да, балама суусун куй — деп Бакдөөлөткө буюрду. Бакайга бал, Семетейге уу сунган Бакдөөлөт ичпегин деп астыртан ишарат кылды. Семетей атамдан мурун ичпейм деп уу куюлган аякты Жакыптын өзүнө сунду эле, ал: — «Манас өлгөндө ичпейм деп ант берип койгом, арак сендей жаштарга ылайык алып жибер», — деп тайсалдады. — «Сен ичпесең ит ичсин», — деп Семетей уу чыланган аракты улагага серпти эле аны жыттаган көк даңгыт тырп өлдү. Жакыптын арам ойлуулугуна толук көзү жеткен Семетей уу куюлган аякты анын башына кийгизгенде чачы, сакал-муруту куйкаланып жыдып түштү. «Ата» деген аты бар үчүн Семетей аны өлтүрбөй аман калтырды. Бакай Жакыптын жүгүнө жыйылган, ичинде баа жеткис асыл мүлк бар Манастын боз куржунун алып, казына сакталган үңкүргө жеткирип, Бөлөкбайга тапшырды. Семетейге туйбаганды туйгузуп, билбегенди билгизип ээрчитип, Манастан калган мурастарды жыйнап жүргөн Бакай Алмамбеттин зайыбы Бурулчанын турган жерине жакындап, анын жайын баяндады. Алмамбеттин жесири, Эсенкан кызы Бурулчаны Абыке алат, бирок ал аны койнуна жаткызбай, боюн салбай коёт, Ызаланган Абыке, Көбөш аны уруп-сабап, жырык кара уй берип, жыртык кара үй берип, бадачыга саанчы кылып коюшат. Бурулча намысынан өлмөк болот, бирок, Алмамбеттин биринчи аялы Арууке Күлчорону төрөгөндөн кийин бат эле каза болуп, ымыркай баланы Бурулча багып калат да, ошону демөөр кылып өлбөй жүрөт. Семетей Бурулчанын алачыгына Алмамбетти жоктоп өкүрүп түштү. Ал аяш энеси менен таанышып, Каныкей берип жиберген кийимдерди ага тапшырды. Бурулча өзүнүн Алмамбетке сүйүшүп жүрүп кошулган тарыхын жана андан кийинки тагдырын айтып келип, Күлчоронун жайын кабарлады. Абыке, Көбөш алты жашар баланы жер карама кылып өстүрүү үчүн кызыл-ала кылып кыйнап сабашат. Алардан качкан Күлчоро кара үңкүргө корголоп, кайгы тартып жүргөндө көк бука минип думана болуп кубулган Кызыр кезигип, Семетейдин келерин айтып көздөн кайым болот. Аны уккан Күлчоро бадачынын айлын пааналап жүргөн экен, Семетейдин келгенин Бурулчанын алачыгынын жанында байланган тулпарды байкап жүгүрүп келип, Семетей менен кучакташып ыйлап көрүштү. Бакай жети кара букачарды кескилетип, Күлчорого садага чаптырды. Каныкей берип жиберген кийимдерди кийип Күлчоро кулпунуп чыга келди. «Абыке, Көбөш абама учурашып келем, эл болсо элдигин, жоо болсо жоолугун көрөм», — деп Семетей Бакай менен бараткан жолдо, адамдан бөлөк түрү бар, ажыдаардай сүрү бар, келбеттүү бир адам көрүндү. Манастан туулган эр чиркин Семетей, сен кимсиң, жоо болсоң кармашууга камдан деп качырып калды. Найза сунган Семетейди ал адам бучкагына теңебей, атынын оозун буруп туруп берди. Аны сайган Семетейдин найзасы быркырап кетти, бала кайра тарткыча айбалта, кылыч менен бир нече жолу чаап, айласын кетирип, найза менен качырып кууп калды. Шаштысы кеткен Семетей Бакайды айлана качты. Ал адам жакындап келгенде Бакай жакшылап көзүн салса, Манастын карындашы Карлыгач экен. Ал жердин түбү Желпиништеги элдин Жарманасына турмушка чыккандан бери төркүндөрүнө каттабаптыр. Манас өлгөнү кордук көрүп, карып-арыган Бакайды араң таанып, ал-жайын сурады. Өзү Акдөө, Көкдөө менен жоолашып, алы жетпей баратканда, Манас аман-эсен болсо, жардам береби деп келген экен. Бакай азыркы абалын түшүндүрүп, Семетей менен тааныштырды. Манас жана анын жакын чоролору Алмамбет, Чубак, Сыргак жана башкалар өлгөнүн уккан Карлыгач катуу кайгырып, бетин тытып ыйлады. Бакай кайрат айтып аны сооротту. Карлыгач Манастын үй-бүлөсүнө кордук көрсөткөн Абыке, Көбөштөн өч алмак болду эле, Семетей кыздын төркүндөрү менен чырлашпай сый жүргөнү жакшы болорун айтып, Желпинишке кете берүүсүн суранды. Карлыгач анын тилин алып, өз жерине кетмек болду. Бирок, Абыке, Көбөш жаш Семетейди мертинтип коёбу деп күмөн санап көп алыс узап кетпей, ал аяктан кайтып чыкканча сыртынан акмалап жүрдү. Кыраакы Бакай: — Абыке, Көбөшкө кошулуп кеткен кырк чоро үйдө болсо шыр кирип барганыбыз болбойт, алар жокто ээндетип баралы, — деди да Семетейди жашыруун жерге калтырып, өзү байкап келүүгө жөнөдү. Жолунан Манастын арбагын унутпай сыйлап жүргөн, кырк чоронун мыктысы Шууту жолукту. Экөө саламдашып, сырдашкандан кийин, Шууту аракка алабуурул мас болуп жаткан кырк чорону азгырып, Көбөштүн үстүнөн алып кетмекке убадалашты. Шууту айтканын аткарып, Адыбай, Көлбай, Чыйбыт, Кочкор төртөөнү кошуп, кырк чорону кароол карап, жол тосолу деп алдап алып кетти. Семетей менен Бакай келгенде ак көңүл туулган Абыке бир боордоштук ымала менен жакшы тосуп алды. Акылай менен жаткан көөлдөгөн көр Көбөш тоотмоксонго салды. Ага кыжыры келген Семетей атасы Манастан мураска калган мал-мүлкү: Кумайык, Акшумкар, Тайбуурул, Аколпок, Аккелте, асмандан түшкөн алты курч, Бозкисени доолады. Абыке анын талабын аткармак болгондо Көбөш кыялы жаман айгырдай торсулдаган кул экен, токойдогу камандай корсулдаган кул экен, ошол кезде элине алым-салык чачып, каяшаяк айтканды төбөсүнөн басып көөп турган чагы экен, ошол адатын карматып: — «Качкын кул жар жыгылса суу жөлөйт, жалгыз кул өлсө ким жөлөйт, сени өрт өчкөндөй кылайын деп кордоду. Семетей доолаган мал-мүлктү сенин атаңдыкы эмес, менин өзүмдүкү болуучу, бербейм, — деп кара өзгөйлүк менен док урунуп, кылычын ала жүгүрүп качырганда Семетей аны ээкке кагып жиберди. Жер кучактап жыгылган Көбөштүн башы керегенин көзүнө тыгылды. Ал башын көтөргөнчө Семетей бөйрөккө тепти эле оозунан кара кан кетти. Абыке Көбөшкө болушуп, Семетейге кол салганы обдулганда, Бакай аны кармап: — Абайлагын, сен Көбөшкө, мен балага болушсам, өсөк сөз кайдан арылат, абийир кайдан жабылат, — деп жүйө сөз менен токтотту. Семетей Көбөш менен чарпыша кеткенде керегеде илинип турган Аккелте өзүнөн өзү тарсылдап, Сырнайза капкара канга бөлөндү. Семетей аларды баш кылып, атасынан мураска калган мүлктөрдүн баарын тартып алды. Көбөш эсине келип, баш көтөргөндө, Шооруктун кызы Акылай эри Көбөшкө: — Кичи катын балдары экениңер чын экен, кымбат баа мүлкүмдү бир жетимге алдырдыңар, бул силердин иттигиңер, бу көрөкчө тирүү жүрбөй өлүп албайсыңарбы, — деп көкүттү. Анын сөзүнө ээликкен Көбөш боз чепкенди эндей этке кийип, желедеги токмок жандуу тору айгырды жайдак минип, майлуу кара бел баканды ийнине салып, жоо качтылап бакырып, «Көбөштөп» ураан чакырып, Семетей менен Бакайдын артынан жөнөдү. Ал күүлөнгөн боюнча жете келип, опурулуп сүйлөп, Бакайды бакан менен башка салып өтүп, Семетейге тап койду. Семетей анын баканын жулуп ыргытып, өзүн Зулпукор менен жайлап саларда Бакай арага түшүп: — Айрылса баш таңылат, агайын кайдан табылат, найзалашып сайышса көңүл калбайт туугандан, кыйрына тийген оңобу, бизге кытай тууган болобу?! Тууганын жайлаган деп эртең душманга өсөк сөз болобуз, — деп Көбөштүн кашык канын сурап калды. Семетей Тору айгырдын башындагы Аккуланын ноктосун шыпырып алганда, ал үйрүн көздөй качып жөнөгөндө үстүндөгү Көбөш жыгылып, башы менен барып ташка тийип, жети күнү тил оозсуз эси ооп жатты. Аңгыча Шууту алдап ээрчитип кеткен кырк чоро кайтып келди. Акылай аларды Семетейге каршы сүрөдү эле, Ажыбай менен Шууту: — «Уулуна кол салсак, Манастын арбагы бизди урбайбы», — деп чоролорду тыйды. Абыкенин үйүнө барып арак ичишип, мас болушуп Семетей менен иши жок жатып калышты. Манастан калган мүлктөрдү Көбөштөн тартып алып келе жатышкан Семетей менен Бакайдын астынан, Манас өлгөндө кайып болуп Таластан качып кеткен Тайбуурул тосуп чыкты. Ага Аккуланын жүгөнүн катышты. Тайбуурул менен кошо качкан сексен күлүктүн ичиндеги Камбар ата боз бээни Семетей Боз кисени мойнуна салынып, Манастын арбагына арнап курмандыкка чалды. Түлөөгө Манасты билгендердин баарысы келди. «Жарыктык Манас көк жалдын, жалгыз уулу келди деп, бизге, жараткан кудай берди» — деп эл бири-бирине сүйүнчүлөп, алдуусу бээ союп, алсызы кой союп той беришти. Эртеси таңга жуук Кумайык менен Акшумкар да келди. Алардын келген урматына Семетей Темиркандын Акшумкар курмандыкка чалмак болду эле,» Таятаңдын аманат атын сойгондо элге шылдың болобуз, эсен-соо алып барып бер», — деп Бакай аны Букарды көздөй жөнөтүп коштошуп, өзү Бек-Жайлоого кетти. Семетей Букардан чыгарда чоң энеси Чыйырды ары барышың он күн, бери келишиң он күн, элде жүрүшүң он күн, бардыгы отуз күндө келбесең ажалдан мурун өлүп алам деген эле. Ошону эстеген Семетей Аколпокту кийип, Боз кисени курчанып, Зулпукорду сол жагына илип, Аккелтени асынып, Акшумкарды оң колуна кондуруп, Кумайыкты ээрчитип, ашып-шашып жөнөп калды. Болжогон отуз күн жетип, жетимим качан келет деп Чыйырды тамак ичпей, боздоп ыйлап жатып калыптыр. Каныкей Темиркандын мунарасына чыгып, дүрбү салып караса Семетей келе жаткан экен. Анын алыстан көрүнгөн шаңы Манаска окшоп көрүндү. Баланын караанын көргөндө эки энеси сүйүндү. Темиркандар окшош алты ак боз бээни, тогуз кара буканы садага чаптырды. Семетей Таласка көчүп кетерин айтты. Темиркан анын айтканын туура көрүп, жөнөтүүгө камынды. Өзүнүн Актулпарын баш кылып миң тулпарды чубатууга салып, каалаганыңды алгын деди. Каныкей кыз кезинде жоо менен салгылашканда такай минип Жүрүүчү экен, Көлөйкандын Кара кашка аргымагын өзүнө тандап алды. Таласка Семетейлер менен кошо кетмек болгон Сарытаз (Сарыкан) Агынайдын Туучунагын тандады. Темиркан Сарыканга казынадан алып көк күпү тонду кийгизди, өзүнүн Бозкелтесин , Ысмайылдын Наркескенин берди, ошондой эле Букарга жардык чакыртып, өркөчү өөдө көрүнгөн, чуудалары төгүлгөн кызыл куйрук сексен нарга алтын менен күмүш арттырып Семетейге энчиледи. Он эки капка Букардын ар эшигине бээ баштаган беш тогуз сойдуруп он алтыдан төмөнкү он жаштан жогору кыздарды чубатууга салып Семетейге колукту тандаттырды. Көлөйкан туура пейил, көзү ачык киши экен, Шаатемирдин кызы Чачыкейди тандады. Он төрттөн жашы өтө элек Чачыкей бели тутам, бети айдай кыз экен. Анын атасы Шаатемир Темиркан менен ага-ининин баласы экен. Ал Темирканга арызга олтурду: — Семетейге кызымды бергениме кубанам, бирок Жедигердин Багышы баласы Толтойго кудалап койгон эле, Чачыкейди Семетейге бергенде калың кара жедигер каптап кетсе айлабыз не болуучу, — деди. Темиркан Толтойго өзүм жооп берем, — деп каарданып койду. Тогуз күн Семетей менен Чачыкейдин тою болуп, ак селдечен кожолор, дарс окуган молдолор никесин кыйышты. Семетей Букаралыктар менен кош айтышып, таятасы тартуулаган сексен нарды кымбат баа мүлкү менен сексен балбанга жетелетип, Таласка көчүп жөнөдү. Узак жол басып Таласка жетти. Кулун кармап, бээ байлап, турган жерин көргөндө кысыр эмди тай союп, тунган жерин көргөндө Каныкейдин бөдөнөдөй көзүнөн бөлөк-бөлөк жаш кетип эртеги өткөн күндөрү эсине түштү. Төрт-Күлдүн төмөн жагына, төрө Манастын сайган багына көчүн түшүрүп ордосун тикти. Семетей Таласка келип конгондо, о дүйнө кеткен Манастын так өзүндөй болгондо, Ой-тоонун баары бакырык, Манастап ураан чакырып, тирилип Манас келди деп, билгиликтүү кары ыйлап, аргын, кыргыз баары ыйлап баабедин айтышты. Кырк калчасы менен Бөлөкбай, төрө Бакай, Эсенкан кызы Бурулча, Айжаңжун кызы Бирмыскал, Алмамбеттин Күлчоро, Чубактын уулу Канчоролор келип, Каныкей, Чыйырды менен көрүшүп, он эки жыл күткөн кусаларын жазышты. Эл Манастын уулу жетимди алтындан соккон зор килемге салып, алтын таажы кийгизип, алтын такка мингизип, кан көтөрүп алды. Кайран энең Каныкей казы кертип, жал берип, кымыз чайкап бал берип, жергелүү чапан кийгизбей, Күлчоро менен Канчорону бага баштады. Оң эмчегин Күлчорого эмизсе адал ууз сүт чыкты, сол эмчегин Канчорого эмизсе кара кочкул кан чыкты. Бул белгини көргөндө Каныкей кыяматка жеткиче Күлчоронун Семетейге адал тууган болорун, Канчоро акыры жүрүп жоо болорун билди. Ошондуктан Канчорону эртелеп тындым кылуу керектигин Семетейге айтты. Ал аяш атам Чубактан калган туякты кантип өлүмгө кыям деп болбой койду. Радлов жазып алган вариантта (Радлов жазып алган вариант). Семетей түнүн түндөй жүрүп, күнүн күндөй жүрүп Таластын башы үч-Кошойго жетти. Таластын ичинде Сулпукордун башында төө кайтарып жүргөн Бакайга кезигип салам айтты. Бакай алик алып Каракандан чыксаң анын кызы Каныкейдин кабарын билесиңби? — деп сурады. Семетей: — Каныкейди билбейм, ал белекке жиберген Манастын уулу Семетейди Бакайга алып келдим, — деди. Бакай Семетейди кучактап жыгылды. Төө энеси чаар ингенди кудай жолуна мууздады. Семетейдин келгенин Жакыпка айтып, сыртка чыкканда үй тышынан тыңшаса Абыке, Көбөш, Жакып кеңешип, чынынын түбүнө уу сыйпап, жаккан отун өчүрөлү, Семетейди өлтүрөлү дешти. Семетей Жакыптыкына келип, берген ууну ичпей итке куйганда ал жыттап эле өлдү. Семетей такта олтурган Жакыпты төшкө тээп жыкты да, Абыке, Көбөштүкүнө жөнөдү. Бакай Семетейди жолго калтырып анын келе жатканын кабарлаганда көөдөк тууган Көбөш бакан менен башын жара чапты. Семетейге муну айтпа деп акылман тууган Абыке, Бакайга кыл торко чапан жапты. Кайтып келген Бакайга Семетей: — тигилер сенин башыңды бакан менен сомдосо, биз алардын башын акалбарс менен оңдойбуз деди. Алар келип түшкөндө Абыке, Көбөш Семетейге арак алып келип, кошо ичишип мас болуп жатып калышты. Бакайдын көрсөтүүсү боюнча Семетей атасынан калган мүлктөрдү, Тайбуурулду алды. Бакай менен коштошуп, күнүн күндөй, түнүн түндөй жол жүрүп энеси Каныкейге барып: «Абыке, Көбөш эки агам жарак-жабдыкты, Тайбуурулду берип, көчүп кел дешти, мен эли-журтума кетемин» — деди. Каракан алтымыш төөгө пул жүктөп, жетимиш төөгө сеп жүктөп, алты канат ак өргө көтөрүп берип аны эл-жерине узатты. Таласка көчүп келген Семетей Манастын ордосу турган жерге ордосун тикти. Семетейдин Таласка келиши башка негизги варианттарда Саякбай Каралаевдин вариантынан анча көп өзгөчөлөнбөйт, негизги айырмачылыктар айрым мотивдерден, деталдардан байкалат. ТМВ, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Семетей Таласка Кырымдан чыгып жөнөйт, ушуга ылайык анын басып өткөн жолу Саякбай Каралаевдин вариантынан башкача сүрөттөлөт. Мисалы, ТМВда Кырым, Самара, Орол, Казан-Орунбар, Ак-Дөбө, Мазар, Эдил, Жайык, Мангыш-Тоо, Сары-Арка, Торгой, Жети-Суу, Талас аркылуу өтөт. Багыш Сазановдун вариантында Семетей Урумдан аттанып чыгып Таласка келет. ТМВ, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Манастын кырк чоросунун кырк баласы болот, Семетей Таласка келгенде Бакай алардын ар биринин аты-жөнүн айтып ага тааныштырат. Бул варианттарда Күлчоро Мажиктин, Канчоро Камбардын баласы болот. Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Багыш Сазановдун вариантында Семетейдин келгенин сүйүнчүлөп барган Бакайдын башын Көбөш бакан менен жара чапканда, Абыке бул жөнүндө Семетейге айтпа деп өтүнөт. Бакай кечигип келбей, зарыккан Семетей өзүнүн атадан жалгыздыгына капа болуп олтурганда Акшумкар, Кумайык келет. Манастын арбагы көзгө көрүнүп, анын укмуштуу колдоочу жаныбарлары Семетейди тегеректейт. Багыш Сазановдун варианты мындан башка да бир катар мотивдер менен айырмаланат. Семетей адеп Бакайга жолукканда өзүн кайыптын баласы Жоодарбешиммин деп тааныштырат. Семетей Таласка барып кайра келгиче Каныкей: «Өлүп калсаң сага шерт, уктап кетсем мага шерт» — деп шамала жагып, анын жалынынан көз албай тиктеп олтурат. Мындай мотив түштүктүк семетейчи Мурат Көлбай уулунун вариантында жолугат. Анда Семетейди Таласка жөнөткөндөн кийин Каныкей менен Чыйырды балабыздын эсендигин билип туралы деп шам жагып коюшат. Семетейдин башына кыйындык түшкөндө шам өчө жаздап, иши оңунда болгондо балбылдап күйүп турат. Багыш Сазановдун вариантында Семетей таятасы Темиркан кошуп берген миң үйлүү урумдук менен көчүп келе жатып, калдайган калың кол каптап жаткан шаарга туш болушат. Сарытаз билип келгени барат. Ал шаар улук кандын (Темиркандын) чегиндеги Шаатемирдин шаары экен. Шаатемирдин кызы Чачыкейге бир кезекте казактын каны Көкчө уулу үмөтөйдү кудалап кеткен болот. Чачыкей он бешке келип, үмөтөй ага үйлөнгөнү жатыптыр. Семетей Сарытазды ээрчитип кыз оюнга барып, Чачыкейди көрүп аны алмак болот. Сарытаз Шаатемирге жуучу түшөт. үмөтөй менен сайышып, жеңсе алсын дейт ал. Семетей сайышта үмөтөйдү качырып, Чачыкейди шаан-шөкөт менен алат. Акмат Рысмендеевдин вариантында Таластан Букарга бараткан жолунда Семетей бири ыйлап, бири ырдаган эки балага жолугат. Алардын жайын сураганда, алар Көбөш кан болгондо калмакка олжого кеткен балдар экен, Семетейдин колуктусу Шаатемир кызы Чачыкейди калмактын кандары Шыгай, Төлөк зордуктап алганы жатыптыр, балдардын ошого ичтери күйүп жаткан экен. Семетей жоону качырып, Төлөктү жыга сайып, артын карабай кете берет. Темиркан Шаатемирге жуучу жиберип, кызыл куйрук нар берип, кызыл дилде зар берип кудалашып, кызы Чачыкейди Семетейге алып берет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)