Семетей өздөрү чатак чыгарышкан Абыке Көбөш Жакыптарды жана аларга кошулуп кетишкен кырк чорону жеңиши

Семетей өздөрү чатак чыгарышкан Абыке, Көбөш, Жакыптарды жана аларга кошулуп кетишкен кырк чорону жеңиши. Ташкенди жердеген Баймырза токсон бешке чыгып каза болгондо Бакай, Сарыкан, Каныкей, Чыйырды, Жамгырчы жана башкалар жакын адамдарын үйүрмөнүн сазына чогултуп Семетей кеңеш курду. Бакай — Абыке, Көбөшкө кабар жиберип чакырталы. Эпке көнүшсө, туугандык ынтымакка келип, Баймырзаны чогулуп салтанат менен көмөлү — деди. Бузуку Кыргылчал өлмөйүн алты арам кепке келбесин Каныкей айтып өттү. Семетей энесинин кеңешине көңүл бурбастан Сарыканды аттап-тондоп кабарга жиберди. Абыке, Көбөштөр ал кезекте Эки-Кеминди жердеген Эйбит таздын үрбүсүн, Сары-Арканы жердеген Көкчөнүн уулу үмөтөйдү , Музбурчак уулу Буянбекти, Шыгайдын уулу Чынкожолорду көп колу менен чогултуп, Семетейге каршы тукуруп жаткан экен. Кабарга барган Сарыкан ошол калың колдун үстүнөн чыкты. Астынан жолуккан Шууту бул жердеги абалды түшүндүрүп, аттан түшпө, кокус өлүм болосуң, — деп эскертип, өзү арак ичип күүлдөп жаткан кандардын үстүнө кирип, Байдын уулу Баймырза өлгөнүн, Семетейдин тапшыруусу боюнча Сарыкан кабарга келгенин айтты. Бул кабарды укканда тили шекер, ичи заар үрбү ордодон чуркап чыгып, Сарыкандын башын кесүүгө камынды, анын артынан үмөтөй, Буянбек жана Кыргыл баштаган кырк чоро да жөнөдү. Сарыкан элчи экенин, элчиге өлүм жок экенин айтса, тигилер угар эмес, ошондо үрбүнү качырып, найза менен жайлады. Тазбайматты аттан кулата сайып, башын кести, туш-туштан каптап кирген колдун ичинен Кыргылчалды алкымга сайып жыкты. Көбөш жыйган калың кол көптөп кармап алмак болгондо Сарыкан качып чыгып Бакайга келип көргөндөрүн баяндап турду: — Калың кытай, Каканга казат кылчу немедей Абыке, Көбөш баш болгон түмөн кол каптап келе жатат, аба Бакай мунун айласын кандай кылчубуз? — деп кеңеш сурады, Бакай! — калың колдон коркпо, ажалдуу адам өлбөйбү, алда салган буйрукту пендеси чиркин көрбөйбү. Абыке, Көбөш менен он эки жылы кармаштым, кана менин өлгөнүм. Түбү бирге туугандын өлчөөсүн көрүп турабыз, өлчөөсүнөн тайгылса, урушту анан кылабыз, урушсак кыргын кабылат, бизге ага-ини кайдан табылат, — деди да, Манастан калган доолбасты уруп, аргын менен кыргызды жыйды. Абыке, Көбөштүн колу каптап келе жатканын көргөн Каныкей Семетейдин ат-тонун, жоо-жарагын даяр кылып турду. Кочкор бозалалуу кызыл тууну кармап алдыга жүрүп, колдун артын Көбөш кылычтап айдап, Семетейдин ордосуна келди. Ырчыуул менен Шууту «Манастын арбагын сыйлап, анын баласына кол салбайлы» — деп кырк чорого кайрылышса, алар тил алышпады. Эки чоро мындай жосунсуз жоруктан четте бололу дешип, өз жерлерине кетип калышты. Абыке, Көбөштүн колу Семетейдин ордосун камап киргенде, Каныкей Алмамбеттин Сырбараңы менен оңго ооп бир атып, он эчесин сулатып, солго ооп бир атып, солтондорун сулатып, аларды жакын жолотподу. Семетей келген жоону кенебей, түштө ойгонуп, жоо жарагын шайланып, Тайбуурулду минип жоого чыгып баратканда, Каныкей менен Чыйырды батасын беришип, атадан жалгыз жетимди колдой көргүлө деп арбактарга жалынышты. Абыке, Көбөштүн колу менен бетме-бет келген Семетей: «Мага каршы чыккандай, мен силердин кытайдан келген жооңор эмесмин го. Түбүбүз бирге уялашпыз, кемчилик кетирсем кечиргиле, мал-башым тартуу, элге жаңы келгенде тентек чыкты дедиртип токонаалат келтирбегиле», — деди. Анын жүйө сөзүн кулактарына илишпей, көптөп каптап киришти. Семетей да каарданып качырып киргенде колдогону бир тогуз баланы колдоп, кара чаар кабылан капталында чамынып, чолок көк жал арстан бет алдында камынып, душманынын сезин алды. Астын сала бергенде ажыдаардын түрү бар, аркасынан караса миң адамдын сүрү бар Семетей жоого чабуул койгондо, энеси Каныкей чачын төбөсүнө түйүп, ажалым жетсе өлөм деп, азабым болсо көрөм деп, айкөлдөн калган жетимге караан болуп берем деп, аттанып чыкты. Ага кошулуп Бакайдын уулу Байталак, Сарыкандын Калыгы, Жамгырчынын Шайымбети да урушка киришти. Семетей менен Каныкейди көргөндө аргын, кыргыздын калың колу куралдарын ыргытышып, Көбөштүн зордугу менен айдалып келишкенин айтышып, кечирим сурашты. Салгылашка чыккан Сарыканды көптөп кетишмек болгондо, Каныкей кырк чорону кулата сайып, өздөрүн туткундап, аттарын айдап алды. Абыке, Көбөштү тирүү кармап алып, тууган кылып алайын деп ойлогон Семетей аларды коркутмакка Аккелте менен оң жак, сол жактарына алыс мээлеп атып жатканда кокусунан огу Көбөштүн башын жулуп кетти. Аны көргөн Абыке алтымыш мергени менен кол салганда Семетей качырып кирди, алар туш-тушка чилче чачырап качышканда, Абыке Анжыян көздөй качыпжөнөдү. Артынан түшкөн Семетей коркутмакчы болуп өңүрүнүн четине жазгап сайды эле, бирок кокусунан найза өйдө көтөрүлүп кетип, өпкөсүн жарып, ажалын жеткирди. Семетей келгиче Жакыпты Каныкей, Чыйырды экөөлөп өлтүрүшүптүр. Кырк чорону Каныкей кырып салмак болгондо Бакай арага түшүп ажыратып калды. Кырк чоро менен жалпы сөз табышып, жайланып жатып калган Семетей алардын жардамы менен кытайдан атасы Манастын кунун кууну ойлоно баштады. Бирок кырк чоронун баарысы бирдей эмес, акылы, кайраты жагынан ар кыл эле. Ошол ар кыл адамдардан куралган чоролорду алты арамдын тирүү калгандары Чыйбыт, Кочкор, Адыбай, Көлбайлар: — Эрдигиңер Манастан кем эмес эле, ага кызмат кылганыңар аз келгенсип, эми анын уулуна чоро болгондон намыстанбайсыңарбы? — деп Семетейге каршы бузуп-жарып кирди. Алардын тилине алданган кырк чоро Ашмараны ашып, кыйла жол жүрүшүп, Иленин боюндагы Кызыл-Жийдеге жетишип, эс алганы жатышты. Артынан кууп барган Семетей атынан түшүп, чылбырын мойнуна салып, Таласка кайтып баргыла — деп суранды. Алардын ичиндеги мыктысы Байчоро: Манас баатыр барында кырк чоро ага кеңешпей туруп эле чалгын чалып, чабышып кирип, чампандан жылкы алуучу. Он эки жыл эрдик иш жасабай буулугуп калган кырк чоро өзүңдү белге таңуу кылып, Бээжинге казат кылыш үчүн, Каканга чалгын чалып, Коңурбайдан кабар алууга жөнөгөн элек, — деп өздөрүнүн жосунсуз жоруктарын жашырды. Аларга ишенген Семетей «Андай болсо Бакайга кеңешип, ат семиртип, өзүбүз сергип, көп кол чогултуп, анан Бээжинге аттаналы» — деди. Семетей Таласка келген чоролорду ээн-эркин койду. Каныкей булардын эл болор түрү көрүнбөйт, туш-тушка тарат деген кеңешине Семетей макул болбоду. Ичи арам болуп калган кырк чоро кайрадан алты арамдын азгыруусуна көнүп качып жөнөштү. Суусамырды басып, Кызарттын белин ашып, Кочкорго түшкөн кырк чорону кууп жеткен Семетей: «Таласка кайткыла" — деп кайрадан жалынып суранды. Алты арамдын тукуруусуна көнгөн кырк чоро Семетейдин тилин алмак турсун, кайра анын өзүн өлтүрмөк болуп кол салып киришти. Эч аргасы калбаган Семетей аларды кырууга мажбур болду. Артынан келген Жамгырчы, Сарыкан, Бакайлардын кеңеши боюнча Семетей кырк чоронун сөөгүн Кочкорго койдуруп, кербен башы Кызылсарт менен дос болуп, анын жардамы менен аларга арнап күмбөз салдырды. Радлов жазып алган вариантта Семетей Таласка көчүп келгенден үч-төрт күндөн кийин Абыке, Көбөш жети сан кол курап чапканы келди. Семетей Тайбуурулду минсе буту аксайт, көрсө Абыке, Көбөш Манастын ордосун чаап, чамгарагын чапканда, Түндүгүнүн кадоосу ошол жерде калган экен, ал Тайбуурулдун бутуна кириптир, аны Каныкей искек менен сууруп алды. Каныкей баламды урушка жалгыз жибербейм деп аттанып чыкканда, Семетей аны керегеге таңды, чечип жибербесин деп чоң энеси Чыйырдыны кошо таңды. Урушка чыгып Абыке, Көбөш, Жакыпты колго түшүрүп, токойго камап койду. Каныкей менен Чыйырдыны керегеге таңган жеринен бошоткондо, алар Абыке, Көбөш, Жакыпты кескилеп өлтүрүштү. Семетей туубай жатып туйлады, туурга конбой ойноду, он үчүндө ок атты, он бешинде жоо сайды, кан атасынан калган кырк чорого баш болду. Ат семирип күз болуп, эр семирип түз болгондо, Семетей чоролорго жортуулга чыгалы деп кеңеш салды. Алар макул болушуп анын үйүнөн чыгып келе жатышкан жолдо өздөрүнчө кеңешип, «алтымышка чыкканча атасы Манастын атын токудук, жетимишке чыкканча баласы Семетейдин атын токудук, карылык каршы келгенде Семетей бизди ашуусу бийик тоого, агыны катуу сууга айдап жүрүп өлтүрөт, качалы» — дешти. Аларды артынан кууп жетип Семетей атын тартуу кылса, башын тартуу кылса болушпай качып жөнөгөндө баарын кырып салды. үйгө келсе Ажыбай менен Алмамбеттин аялдарынын боюнда бар экен, алар төрөгөндө күл уучтап түшкөнүнө Күлчоро, кан уучтап түшкөнүнө Канчоро деп ат койдуруп энеси Каныкейдин эмчегин эмиздирип эмчектеш тууган кылып алды. Калган негизги варианттарда да Семетей Таласка көчүп келери менен Абыке, Көбөш, Жакып кол курап келип согушуп өлүшү, кырк чоро Таластан качып Семетейден өлүм табышы негизинен жогорудагы варианттарга жакын сүрөттөлөт. Багыш Сазановдун вариантында гана Семетей колго түшкөн Абыкени, энеси Акдөөлөт менен колуна мал-мүлкүн берип Мекеге көчүрүп жиберет.

Семетей менен Чынкожонун чыры. Чынкожонун Толтойго көчүп барып кошулушу. Семетей өзүнүн жакындары менен кеңеш куруп олтурду. Кан атам Манас баш болуп, Каканчында он эки эрдин доосу бар. Коңурбайдан атамдын кунун кууйм. Чынкожо эпке келсе белге таңуу кыламын. Аба Бакай Ормонбекти, Күлчоро, Канчорону алып Чынкожого барып кел. Кечээ көчүп келгенимде өрүлүктөп келбеди, атам өлгөндө топурак салып кетпептир. Антпей туугандык ынтымакка келсин. Таласта бирге турсак бизге душман батынып кол сала албайт, — деди. Бакай чоролор менен Масейилди ашып, кең Кашкарды басып, чоң Котонду жакалап, Кебез-Тоого барды. Чынкожонун кароолго койгон балбаны эшик ачып аларды үйгө киргизди. Бакай Чынкожого жүйө сөз айтып ынтымакка чакырды: — Манас өлгөндө түбү бирге эл элең, уучтап топурак салбадың, абакелеп турбадың. Кечээ, Манас кырк эки түмөн кол болуп, он эки түгөй кан болуп Бээжинге казат кылганда калк катары барбадың. Мына ошондо, жетим калган Семетей эр жетип, атасынын ордун басып, түбү бирге тууган сени менен биргелешип, Коңурбайдан баатырлардын кунун куусам дейт. Тилимди алып Таласка кайра барып кон, — деди. Ошондо Чынкожо күүлөнүп: — Бул тилиңди албаймын, Мен Таласка барбаймын, Таласың артык жер бекен, Семетей менден эр бекен? Эрдигим ашык күлкана, Манастын уулу жетимге, айыл конбойм букара, — деди. Чынкожо антип жатканда Күлчоро сыртка жылып чыгып анын кара атына ногойдун энин оё салып койду. Кара ат чылбырын сууруп качты. Күлчоро, Абыкенин Актелкисин минип артынан кууп жетпей кайра келсе, Чынкожо аңги суудай күпүлдөп, үйүр айгырдай дүпүлдөп, ач буурадай чамынып, бука сындуу бакырып, Бакайды камап жатыптыр. Ормонбек менен Канчоро Чынкожонун каарынан коркуп, жер чукушуп, баш көтөрүшпөйт. Атасы Алмаңдан артыла туулган Күлчоронун кыжыры келип, Чынкожону беттеди. — Күрсүлдөп кожо күүлөнбө, кыйын болсоң бел байлаган белиң айт, бекинип качар жериңди айт, дегениме көнөсүң Манаска берген алымдын он эки жылдан беркисин эсептеп бүгүн бересиң, ал алымды бербесең, так төбөңдөн басамын, төрт түлүгүң чачамын, бакылдай берсең ушинтип курмандыкка чаламын, — деди. Экөө бири-бирине жулунушканда Бакай Чынкожону, Ормонбек Күлчорону арачалап кармады. Чынкожо арачага болбой ээлиге бергенде Күлчоро кара жаак камчы менен чокуга тартып жиберди эле эт бышым эси ооп олтуруп калды. Ал эси ооп жатканда Күлчоро башын кесип алмак болгондо Бакай арага түшүп арачалап калды. Чоролор Чынкожонун жылкысын Таласка айдап жүрө беришти. Намыстанган Чынкожо жедигердин Толтою менен достошуп, белге таңуу кылып, Семетейден өчүмү алайын деп элин көчүрүп жөнөдү. Чынкожо көчүп келгенде Жедигердин калың кара букарасы: — Толтой жоош эле, суракты кожо алат го, жеткилең момун эл элек, жекирип айдап олтуруп жеткизе кырып салат го, — дешип корко башташты. Чынкожо менен Толтой, Төлөн менен Төлөбай, Калча менен Коңурбай алтоо жедигер элине бийлик кылышып, мылтыктын оозун өбүшүп, кылычтын мизин жалашып, токсон бээни ай туякка чалышып, жоодон качсак ушинтип өлөлү дешип канына колдорун малышып антташты. Радлов жазып алган вариантта бул окуя жазылып алынбаган негизги варианттарда Семетей менен Чынкожонун араздашуусунун мотивировкаланышы бир кыйла айырмачылыкка ээ. ТМВда Чынкожо «Букардан тентип келген жетим» — деп Семетейди теңсинбей, аны басмырламак болуп, Эртиш, Токо — эки чоросунан Тайбуурулду суратат. Чынкожонун тапшыруусу менен Тайбуурулду өкүм-зордук менен сураган Эртиш, Токону Күлчоро менен Канчоро сабап, айдап жиберишет. Чынкожо Семетейди чаап алыш үчүн Опол тоодогу жедигердин Толтоюна кошулат. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Семетей Абыке, Көбөштү жок кылганда туш тараптагы кандар куттук айтып келишип, кан көтөрүп кетишет. Буга жакын тууганы Шыгай келбейт жана Семетейге куттук айтып келе жаткан Жалал деген жигиттин кырк төөдөгү зарын тартып алат. Шыгайдын мунусуна ачуусу келген Семетей аны чаап, малын талап, Аксыдан кубалап үч-Сейит жериндеги жедигер элине тентитип жиберет. Чынкожо бараңдын каны Балтаматтын күлүк аттары бар деп угуп, ага барып, кызматчы болуп орношуп, ишенимине кирип, канаттуу кара атын, алты атар мылтыгын уурдап качып келип, Семетейден өч алууну ойлоп, элин чогултуп, кеңешип, Эртиш, Токо, Жадыбай деген үч жигитин элчиликке жиберип Тайбуурул, Аколпок, Аккелтени суратат. Максаты Семетейди жоо жарагынан ажыратып амал менен жеңүү болот. Анын элчилерине Күлчоро, Канчоро жолдон кезигишип, максаттарын угушкандан кийин кордоп кууп жиберишет. Багыш Сазановдун вариантында Шыгайдын уулу Чынкожо Манас өлгөнү Абыкеге баш бербей, алты шаар Кашкарды башкарып алымын өзү алат, кадыры Урумга өтүп анын канынын кырк канаттуу атын суратып алат. Семетей «Атам Манас Чынкожону Жеркентти бийлеткен экен, келип саламдашып кетсин» — деп Күлчорону кырк бала менен жиберет. Аларга Чынкожо уу берип кырмак болгондо, Каныкей мындай болорун күн мурун билип Күлчорого катып берген дарыны ичишип аман калышат. Чынкожо Жет-Кайттагы жедигер элинин баатыры Толтойго барып, «сенин атаң Багышты өлтүрдү, мага да тынчтык бербеди, биргелешип жок кылалы» — деди. Анткени Манастын жалгыз карындашы Карлыгач Караөлөң уулу карт Манаска турмушка чыгат. Ага жедигердин Багышы тынчтык бербей уруша бергенде Семетей жардамга барып аны жок кылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)